Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-октябрындагы № 39

«Сокулук айыл кеңешинин 09.09.2024-жылдагы № 26 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режиминде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жонүндө Жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жонүндө Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Сокулук айыл аймагындагы калктуу конуштардын жеке жактардын менчигине берилүүчү жер тилкелеринин чектик өлчөмдөрүн аныктоо боюнча жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 13, 18 беренесине ылайык Сокулук айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сокулук жана Саз айыл аймактарынын кошулгандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жер мунапысын жүргүзүүнүн алкагында Сокулук айыл аймагындагы калктуу конуштардын жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмү Саз, Конуш жана Дөң-Алыш айылдарында 30(отуз) сотукка чейин, Сокулук айылында 10(он) сотукка чейин деп бекитилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 28.05.2025-жылдагы № 284 Токтому менен «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомун аткаруу максатында, Сокулук айыл аймагында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренеси менен каралган жер участоктору, «Калктуу конуштардын жерлери категориясына киргизилген жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жалпы пайдалануудагы жерлерди эсепке албастан ээлеп турган жер участогунун иш жүзүндөгү чектерине жараша берилсин

3. Ушул токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. К. Эдигеевке жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн жер маселелер боюнча комиссия төрагасы А. Бедельбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жумалиев