Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 658
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 183 "Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча милдеттерди аткарууда күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук тартиби жана механизми жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 11-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук принцибин эске алуу менен коомдук коопсуздукту жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышат.".
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |