Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-октябрындагы № 41

Сокулук айылында жайгашкан борбордук эс алуу багынан коммерциялык багытта ижарага бериле турган жер тилкелеринин баштапкы баасын бекитүү жөнүндө

Сокулук айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси Т. Мамбетовдун жана жер комиссиясынын төрагасы А. Бедельбаевдин баяндоосун угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 18 беренесине ылайык ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомунун негизинде Сокулук айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сокулук айылында жайгашкан Борбордук эс алуу багынан коммерциялык багытта ижарага бериле турган жер тилкелеринин баштапкы баасы 100 (жүз)сом чарчы метри болуп бекитилсин.

2. Ушул Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеевге жүктөлсүн.

3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сокулук айылдык кеңешинин жер комиссиясынын төрагасы А. Бедельбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жумалиев