Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 179
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 77 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 140104 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 49052 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35,01% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 45461 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 32,45% түздү.
3591 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 2,56% түздү.
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 16 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 16 талапкер катышты.
№ 18 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Ханджеза Карим Лемзарович - 7893 добуш (16,33%);
2. Эдигеев Женишбек Кубанычбекович - 4925 добуш (10,19%);
3. Айдаров Манас Мусадинович - 303 добуш (0,63%);
4. Сатиева Гүлжан Эркинбековна - 5142 добуш (10,64%);
5. Лурова Лейла Хияновна - 3939 добуш (8,15%);
6. Оскомбаев Азат Кубанычбекович - 3743 добуш (8,15%);
7. Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевич - 2617 добуш (5,41%);
8. Мамаджанова Мунара Мамаджановна - 1047 добуш (2,17%);
9. Бодошев Талантбек Темирханович - 882 добуш (1,85%);
10. Сатыбалдиев Бусурман - 113 добуш (0,23%);
11. Биймырсаева Дамира Байтерековна - 449 добуш (0,93%);
12. Чомоев Бакыт Муратбекович - 6906 добуш (14,28%);
13. Сартпаев Эдик Өмүрзакович - 1421 добуш (2,94%);
14. Бийбосунов Эркин Кубатбекович - 6815 добуш (14,10%);
15. Аширбаев Элкинбек Токтогонович - 631 добуш (1,38%);
16. Султанкулова Алтынай Эркинбековна - 587 добуш (1,21%);
17. "Баарына каршы" - 924 добуш (1,91%).
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 18 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 3 билдирүү келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
№ 18 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:
- Ханджеза Карим Лемзарович;
- Чомоев Бакыт Муратбекович;
- Сатиева Гүлжан Эркинбековна.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |