Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
III-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 3/2
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө жана бюджетинин долбоорун 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2026-2027-жылдарга болжолу жонүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2025-жылга 55289.2мин сом,анын ичинен атайын каражаттар 2025-жылга 10079,0 мин сомго бекитилсин.
2.Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин долбоорун 2026-2027-жылдарга болжолу 2026-жылга 36472,7 мин сомго,2027-жылга 38575,7мин сомго бекитилсин.
3.Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 333,3 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 333,3 мин сомго бекитилсин.
4.Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн апаратта иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 07-февраль №52 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги штат бирдигинде отурган 11 кызматкерлерге чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин,иш кагаздарын жүргүзүүчү 1 кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана келишим менен алынгандар 12 кызматкерге келишимдин негизинде төлөнүп берилсин.
5.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иш жана тышкыэкономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |