Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8 - декабры № 182
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 75 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 161533 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 52423 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 32,45% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 45829 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 28,37% түздү.
6594 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 4,08% түздү.
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 14 талапкер катышты.
№ 6 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Токтосунов Алтынбек Турусбекович - 732 добуш (1,42%);
2. Тогузакова Айжан Абдиганыевна - 3154 добуш (6,11%);
3. Сатывалдиева Гулнура Ганыбаевна - 2578 добуш (4,99%);
4. Жороева Элнура Сабиржановна - 524 добуш (1,02%);
5. Садыкова Венера Нажимидиновна - 355 добуш (0,69%);
6. Омурзаков Алымбек Замирбекович - 4103 добуш (7,95%);
7. Алимбеков Нурбек Каарыевич - 8773 добуш (17,00%);
8. Эргешов Бекмурза Аскарбаевич - 9022 добуш (17,48%);
9. Абдылдаева Канзада Абдылдаевна - 1399 добуш (2,71%);
10. Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович - 13826 добуш (26,78%);
11. Осмоналиев Илимбек Токтогулович - 382 добуш (0,74%);
12. Аманова Санталат Абдылдаевна - 3478 добуш (6,74%);
13. Арзибаев Бекболот Осконбаевич - 618 добуш (1,20%);
14. Калдарова Гүлнара Калдаровна - 1182 добуш (2,89%);
15. "Баарына каршы" - 1493 добуш (2,89%).
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 2 арыз (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/.
№ 6 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:
- Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович;
- Эргешов Бекмурза Аскарбаевич;
- Аманова Санталат Абдылдаевна.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |