Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл, 12-ноябрь №52/X-29
Каржы каражаттарды кайра бɵлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси А.Дж.Толубаеванын «70626-бɵлүм боюнча 2221-берене жана 70823-бɵлүм боюнча 3111-берене боюнча каражаттарды кайра бɵлүштүрүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттары белгилешти. Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүндө пайдаланылбай калган каражаттарды жергиликтүү маанидеги маселелерди маселелерди чечүү максатында иш-чарага жумшалып жылдырылсын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Тɵмɵнкү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жалпы - 2 646 400 (эки миллион беш жүз кырк алты миң тɵрт жүз) сом акча каражаттарды кайра бɵлүштүрүү бекитилсин:
1.1. Социалдык объектилерге ɵрт калканчтарын сатып алуу үчүн – 225 750 сом, атап айтканда:
- бɵлүм 70111 берене 3112 – 2400 сом;
- бɵлүм 70823 берене 3112 – 49 200 сом;
- бɵлүм 70921 берене 3112 – 93 700 сом;
- бɵлүм 70911 берене 3112 – 80 450 сом.
1.2. «Ай-толкун», «Нур-балаалык», «Эпкин нур» жана «Гул-балалык» бала бакчалары үчүн тɵшɵк-жайлар сатып алуу - 1 158 750 сом, бɵлүм 70911, берене 3112.
1.3. Нурманбет жана А. Токтоналиев айылдарындагы айыл клубуна үчүн генератор сатып алуу – 50 000 сом, бɵлүм 70823, берене 3112.
1.4. «Гул-балалык» бала бакчасы үчүн кир жуугуч машина сатып алуу - 40 000 сом, бɵлүм 70911, берене 3112.
1.5. Айыл ɵкмɵтү үчүн муздаткыч сатып алуу - 43 500 сом, бɵлүм 70111, берене 3112.
1.6. А. Молдокулов атындагы орто мектептин ашканасы үчүн отургучтар сатып алуу - 78 400 сом, бɵлүм 70921, берене 3112.
1.7. Красная Речка, Нурманбет жана А.Токтоналиев айылдарынын клубдарына музыкалык аппаратураларды сатып алуу - 900 000 сом, бɵлүм 70823, берене 3112.
1.8 Нурманбет айыл аймагын жашылдандыруу үчүн – 50 000 сом, бɵлүм 70629 берене 3113.
1.9 Инвалиддер күнүнɵ карата майып жарандарга материалдык жардам берүү үчүн – 100 000 сом, бɵлүм 71092, 2215 беренеден 2721 беренеге которулсун.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |