Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл, 12-ноябрь №53/X
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өз салымын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Р.К.Абакировдун маалыматын карап чыгып, талкуулап, Осмоке Султанбеков жана Садык көчөсүнө асфальт-бетон төшөө үчүн дем берүүчү грантты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине арыз берип, айыл тургундарынын жолдорун жакшыртуу үчүн, ошондой эле жолдун абалы жаандан кийин авариялык абал жаралып, азыркы учурда өтө начар абалда болгондуктан, айыл тургундарынын арызынын негизинде, бүгүнкү күндө 2025-жылга кабыл алынган долбоорлордун бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген «Долбоорлорду үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен тандоо жана каржылоо жөнүндө» жобого, «Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө» нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. 2026-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылоо үчүн сынакка Осмоке Султанбеков жана Садык көчөлɵр асфальт-бетон жабдыктарына сунушталган артыкчылыктуу долбоорлор аныкталсын:
- Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка айылынын Осмоке Султанбеков көчөсүндөгү асфальт-бетон төшөлмөлөрүндө;
- Нурманбет айыл аймагынын Первомай айылынын Садык көчөсүндөгү асфальт-бетон төшөлмөлөрүндө.
2. 2026-жылдын бюджетинде Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен:
- Осмоке Султанбеков көчөсүндөгү асфальт-бетонду жабууга долбоорлорду каржылоо түрүндө 8 270 450 (сегиз миллион эки жүз жетимиш миң тɵрт жүз элүү) сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен: 3 270 450 (үч миллион эки жүз жетимиш миң тɵрт жүз элүү) сом, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 5 000 000,0 (беш миллион) сом бекитилсин.
- Садык көчөсүндөгү асфальт-бетонду жабууга долбоорлорду каржылоо түрүндө 4 836 080 (тɵрт миллион сегиз жүз отуз алты миң сексен) сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен: 1 836 080 (бир миллион сегиз жүз отуз алты миң сексен) сом, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 3 000 000,0 (үч миллион) сом бекитилсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |