Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл, 12-ноябрь №54/X-29
Каржы каражатын бɵлүштүрүү жɵнүндɵ
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бɵлүштүрүү жɵнүндɵ маселесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Ысык-Ата районунун ɵнүктүрүү Фондуна даярдалган «А.Токтоналиев айылынын А.Чокоев кɵчɵсүнүн жолун оңдоо жана асфальт менен тɵшɵɵ» долбоору үчүн ɵздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 2 182 467 (эки миллион жүз сексен эки миң тɵрт жүз алтымыш жети) сом бɵлүнүп берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |