Редакцияот 18.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жыл, 18-декабрь №55/XI-29

 

Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №19/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктооолорду киргизүү жөнүндө

Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси А.Д.Толубаеванын «Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №19/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктооолорду киргизүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, аппарат кызматкерлерине жана келишим менен иштеп келген кызматкерлерине үстөк акы төлөнүп берилсин 422,1 миң сом бош калган каражатты эске алынып Кыргыз Республикасынын Бюджетттик Кодексинин 24, 78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №19/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:

- биринчи пунктун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бош калган каражаттар айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана келишим менен иштеп келген кызматкерлерине үстөк акы төлөнүп берилсин 422,1(төрт жүз жыйырма эки миң жүз сом) сом тɵмɵндɵгү багыттар боюнча бɵлүштүрүлсүн:

70111 берене 2111 - 360,0 миң.сом, 2121 – 62,1 миң сом

3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;

-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н.С.Бекбоева