Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл, 18-декабрь №56/XI-29
Транспорт каражаттарына мүлк салыгы жана айыл чарба жерлерине мүлк салыгы боюнча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү
Салыктык түйшүгүн азайтуу жолу менен калкка жана ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы № 1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”, 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Нурманбет айыл өкмөтүнө транспорт каражаттарына мүлк салыгы 2 860 000 (эки миллион сегиз жүз алтымыш миң) сом жана айыл чарба жерлерине мүлк салыгы 3 253 200 (үч миллион эки жүз элү үч миң) сом бөлүнүп, төмөнкүлөргө жумшалсын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Транспорт каражаттарына мүлк салыгы 2 860 000 (эки миллион сегиз жүз алтымыш миң) сом жана айыл чарба жерлерине мүлк салыгы 3 253 200 ( үч миллион эки жүз элү үч миң) сом бөлүнүп, төмөнкүлөргө жумшалсын,:
-1.1 «Ай-толкун»,«Эпкин нур», «Гул-балалык», «Нур-балалык» бала бакчалары үчүн төшөк-жайларын сатып алуу – 1 158 750 сом, бөлүм 70911, берене 3112.
1.2 Красная речка, Нурманбет, жана А.Токтоналиева айылдарынын клубдарына музыкалык аппаратураларды сатып алуу – 489 000 сом, бөлүм 70823, берене 3112;
1.3 Өрт копсуздугун сактоо боюнча шаймандарын сатып алуу – 188 700 сом, бөлүм 70921, берене 3112 – 89000 сом, бөлүм 70911, берене 3112 – 57200 сом; бөлүм 70823, берене 3112 – 42500 сом;
1.4 Таштанды чогултуу боюнча техника сатып алууга айыл өкмөтүн салымы, бөлүм 70629, берене 3112 - 1 060 000сом;
1.5 Бала бакчалардын жана мектептердин уставын жана печаттарын алмаштыруу боюнча юридикалык кызматтка – 64000 сом, бөлүм 70921, берене 2215 – 40 500 сом, бөлүм 70911, берене 2215 – 23500 сом;
1.6 Красная речка клубунун тегерегине парк куруу жана Нурманбет айылындагы футболдук аянтынын топографиялык съемкасына жасатууга - 216 463 сом, бөлүм 70629, берене 2215;
1.7 Нурманбет айыл аймагындагы жер тилкесин каттатууга 200 000 сом, бөлүм 70629, берене 2215;
1.8 Мектептерге жана мектепке чейин бала бакчаларга видео көзөмөл шаймандарын орноттууга - 1 249 087 сом, анын ичинен: бөлүм 70921, берене – 3112- 691 661,62 сом жана 70911, берене 3112 – 557 425,38 сом;
1.9 Красная речка айылынын клубуна отургучтарын сатып алуу –
1 573 000 сом, бөлүм 70823, берене 3112
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |