Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-сентябры № 796-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына (мындан ары - Суу ресурстары кызматы) сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу үчүн, ошондой эле ирригациялык курулмаларда авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында анын балансында турбаган ички чарбалык суу чарба каналдарында гидротехникалык иштерди аткарууга уруксат берилсин.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда каралган иш-чаралар жогоруда аталган объекттер Суу ресурстары кызматынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балансына кабыл алынганга чейин жана Суу ресурстары кызматы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Суу ресурстары кызматы ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-сентябры № 796-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 23-т тескемесинин редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына (мындан ары – Суу ресурстары кызматы) уруксат берилсин:
1) сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу үчүн, ошондой эле ирригациялык курулмаларда авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында анын балансында турбаган ички чарбалык суу чарба каналдарында гидротехникалык иштерди аткарууга;
2) жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү, сугат жерлеринин саздануусуна жол бербөө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, ошондой эле авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында анын балансында турбаган ички чарбалык мелиоративдик тармактарда мелиоративдик иштерди аткарууга.