Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-январы № 23-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 796-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына (мындан ары – Суу ресурстары кызматы) уруксат берилсин:
1) сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу үчүн, ошондой эле ирригациялык курулмаларда авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында анын балансында турбаган ички чарбалык суу чарба каналдарында гидротехникалык иштерди аткарууга;
2) жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү, сугат жерлеринин саздануусуна жол бербөө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, ошондой эле авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында анын балансында турбаган ички чарбалык мелиоративдик тармактарда мелиоративдик иштерди аткарууга.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |