Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-декабры № 262
Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берененин 3-бөлүгүнүн 3-10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө;
4) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоого;
5) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүлөрдүн, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдын жана сынам жыйымынын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын эсебин жүргүзүүгө;
6) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүүгө;
7) кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого;
8) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү же электрондук суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жана туумдар, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча эсептөөлөрдүн суммалары жана даталары жөнүндө чечимди берүүгө;
9) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылган фактысын тастыктоочу документтердин 6 жылдын ичинде сакталышын камсыз кылууга;
10) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого.";
2) 26-беренеде:
а) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органы төлөөчүнүн талаптарынын укук ченемдүү экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына ашыкча/жаңылыш төлөнгөн сумманы кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылганда төлөөчүгө баш тартуу жөнүндө негизделген чечим жөнөтүлөт.
4. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу администратордун, башкы администратордун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт, ал төлөөчүдөн кайтаруу жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына берилүүгө тийиш.
Салык кызматынын органы салыктык эмес кирешелердин ашыкча/жаңылыш төлөнгөн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 2 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгына салык органы тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелердин ашыкча/жаңылыш төлөнгөн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө кайрылууну жөнөтөт.";
б) 5-бөлүктө "Казыналык" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 27-берененин 3-бөлүгүндө "Казыналык" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү "284-2" деген цифралардан кийин ", 311" деген цифралар менен толукталсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 295-1-берене менен толукталсын:
"295-1-берене. Баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү субъекттердин атайын эсепке коюлбастан экономикалык иш жүргүзүүсү
Баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү субъекттердин атайын эсепке коюлбастан экономикалык иш жүргүзүүсү -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.";
3) 309-беренеде "10" жана "50" деген цифралар тиешелүү түрдө "50" жана "130" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 311-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз өткөрүү
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укугуна ылайык таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү документтерсиз өткөрүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанып жасалса -
жеке жактарга 400 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуу жасалган учурда өткөрүлүүчү товарлар, ошондой эле укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналган товарлар ташылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуу каражаттары) ушул Кодексте белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.";
5) 470-берене "90-1" деген цифралардан кийин ", 295-1" деген цифралар менен толукталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 10-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Катталган жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды кошпогондо, ушул пунктча ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу транспорт каражаттарын жана майыптыгы бар адамдар үчүн жеке мобилдүүлүк каражаттарын жеке жактардын сатуусуна 2029-жылдын 1-январына чейин жайылтылбайт;";
б) 17-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу идентификациялоо каражаттарын жана/же акциздик жыйымдын маркасын жана/же эсептик-контролдук марканы товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү же товарга же анын курамына отун же молекулярдык маркерди жана/же башка каражаттарды кошуу.";
в) 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38) эсеп - субъекттин акча каражаттары эсепке киргизилиши жана андан сарпталышы мүмкүн болгон банктагы же электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторундагы эсептешүү жана башка эсеби;";
г) 57-пункттун биринчи абзацында "акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча" деген сөздөр "акча каражаттарын чет өлкөлүк банктардын эсебинен/эсебине кайра жөнөтүү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) транзакцияга салык.";
3) 49-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.";
4) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчү салыктарды бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна ылайык гана төлөөгө милдеттүү.";
5) 53-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) транзакцияга салыкка, мында эсеп ачылган банк салык агенти болуп таанылат, ага чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттары эсепке киргизилет жана төмөнкүлөрдүн чет өлкөлүк банктарынын эсеби аркылуу башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине эсептен чыгарылат:
а) жеке ишкердин, уюмдун, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн;
б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун;";
в) 6-бөлүктө "3" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
6) 64-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:
"15) утилдештирүү жыйымын чогултуу жана башкаруу үчүн пайдаланылуучу маалыматтар бөлүгүндө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилик операторуна;
16) чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү маалыматтар бөлүгүндө тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.";
7) 81-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 91-беренеде:
а) 4-бөлүктүн экинчи абзацы "2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында" деген сөздөрдөн кийин ", 13-1-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:
"14. Берилген кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө колдонулган мезгилде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилген суммага карата салык карызын мажбурлап өндүрүү чараларын аткаруу токтотулуп турат.";
9) 92-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда салык карызынын калган төлөнбөгөн суммасы кийинкиге жылдырууну жана/же бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечимде аныкталган, кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонуу мезгили үчүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө жөнүндө чечимге ылайык эсептелген пайыздардын суммасына көбөйтүлгөн карыздын суммасы менен салык карызынын жана пайыздардын иш жүзүндө төлөнгөн суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталат.";
10) 111-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 112-берененин 4 жана 5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органы салык төлөөчүнүн ишин жүргүзгөн жери, жайгашкан же жашаган жери өзгөрүп кетүүсүнө байланыштуу салыктык эсептен алуу жөнүндө арызын алгандан кийин арызды кабыл алган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тиешелүү өзгөртүүлөрдү Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизүүгө милдеттүү.
5. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык төлөөчүнү салыктык башкарууну жүзөгө ашыруу Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизген күнү аяктайт.";
12) 146-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткаруу максатында ыйгарым укуктуу салык органы банктар менен транзакцияга салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат алмашат.";
в) 3-бөлүктө "банктар тарабынан берилүүчү" деген сөздөр "берилүүчү жана/же алмашылуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 163-берененин 4-бөлүгүндө "423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 2-пунктуна" деген сөздөр "423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-пунктуна жана 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 169-беренеде:
а) 7-бөлүктө "же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бейтарап сотко" деген сөздөр алып салынсын;
б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 174-берененин 28-пунктунун "б" пунктчасында "төлөөчүнү ишкердик субъекти катары так идентификациялоого мүмкүндүк берген" деген сөздөр "төлөөчүнү идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 181-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчүнү кошпогондо, ар кандай салык режимдерин колдонуу менен иш жүргүзгөн салык төлөөчү;";
17) 187-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык ай үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база орточо айлык эмгек акыга барабар кабыл алынат.";
18) 191-беренеде:
а) 6-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) автомототранспорт каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин;";
- 4-пунктта "автомототранспорт каражаттарын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) майыптыгы бар адамдар үчүн жеке мобилдүүлүк каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин.";
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жеке жак тарабынан ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-1-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө алынган дивиденд.";
19) 197-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдардын жалданма кызматкерлери жана жеке ишкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 1 пайыз өлчөмүндө 2030-жылдын 1-январына чейин белгиленет.";
20) 200-беренеде:
а) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор 2027-жылга чейинки мезгилдин ичинде салык агенттери катары жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан ар бир жалданма кызматкерге ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акыга жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын кармап калышат жана төлөшөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Тигүү жана текстиль өнөр жайында 2030-жылга чейинки мезгилдин ичинде салык агенти катары өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдар жана жеке ишкерлер жалданма кызматкердин эмгек акысынан ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акыга жараша эсептелген киреше салыгынын суммасын кармап калышат жана төлөшөт.";
21) 207-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"207-берене. Пайда салыгын төлөөчү
1. Пайда салыгын төлөөчү (мындан ары ушул бөлүмдө - салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ата мекендик уюм;
2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм;
3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет өлкөлүк уюм;
4) жеке ишкер;
5) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алуучу, анын тапшырмасы боюнча салык төлөөчү андан же башка чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттарын башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине кайра жиберген чет өлкөлүк жеке жак.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект пайда салыгын төлөөчү боло албайт.";
22) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуудан түшкөн киреше - 2029-жылдын 1-январына чейин.";
23) 245-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
24) 249-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 6-пунктунун биринчи абзацында "ушул бөлүктө" деген сөздөр "ушул пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-1-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу дивиденддерине төлөм булагынан салык салынбайт.";
25) 261-беренеде:
а) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эсеп-фактура салык салынуучу берүүнүн датасына чейин жазылган же төлөм алынган учурда салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";
26) 296-берене төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттарын берүү - 2029-жылдын 1-январына чейин.";
27) 297-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 15-пункттун экинчи абзацында "2026-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр "2029-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:
"30) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган субъекттер тарабынан импорттолуучу зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдуу жана технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар.";
б) 2-бөлүктө "1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26-пункттарында" деген сөздөр "1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26, 30-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 315-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
29) 364-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
"15) бажы кампасынын аймагында.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга тиешелүү комплекттөөчүлөрүн;
5) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин.";
30) 366-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"366-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы
Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдук-кассалык чектин басылган датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";
31) 381-беренеде:
a) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, мүлк салыгын эсептөө салык органдары тарабынан ушул бөлүмдө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
2. Төмөнкүлөргө карата мүлк салыгынын суммасын эсептөө милдети салык органына жүктөлөт:
1) төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча мүлктүн турак жай объекттерине:
- турак жай имараты, жай;
- ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу;
2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык (пайдалануусунда турган) турак жай эмес объекттерин пайдаланууга (ижарага) берилген мүлктөрдү кошпогондо, төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча турак жай эмес мүлк объекттерине:
- турак жай эмес имарат, жай жана курулма, анын ичинде базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма;
- калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер;
3) айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участокторуна - алардын жайгашкан жери боюнча.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Эгерде салык төлөөчү ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө салык органынын билдирүүсүн албаса, салык төлөөчү мүлк салыгынын суммасын өз алдынча эсептөөгө жана төлөөгө милдеттүү.";
32) төмөнкүдөй мазмундагы 383-1-берене менен толукталсын:
"383-1-берене. Отчет берүү
1. Мүлк салыгын төлөөчү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъектке таандык (пайдалануусунда турган), пайдаланууга (ижарага) берилген турак жай эмес мүлк объектине карата учурдагы салык мезгили үчүн маалыматтык эсепти учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
2. Эгерде ушул беренеде белгиленген турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө маалыматтык эсеп учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
3. Маалыматтык эсептин формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
4. Министрлер Кабинети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде отчет берүүнүн башка тартибин аныктай алат.";
33) 398-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"398-берене. Турак эмес мүлк объектине салык төлөө мөөнөтү
1. Турак эмес мүлк объектине салык ар квартал сайын учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен учурдагы салык мезгилинин ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
2. Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын жылдык суммасын салык төлөөчү салык төлөө боюнча милдеттенме келип чыккан кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирбестен толугу менен төлөй алат.";
34) 409-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Мекендеш статусун алган жана мекен-картка ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн бошотуулар чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт.";
35) 55-1-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 419-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект, мындай иш агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо.";
37) 422-берененин 3-бөлүгүндө "VII жана VIII бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "VIII бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) 422-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"422-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы
Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы саналган күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүнү кошпогондо, салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы, контролдук-кассалык чектин басылган датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";
39) 423-беренеде:
а) 6-1-бөлүктө "1 пайыз" деген сөздөр "0,1 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 6-1 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттерди кошпогондо, иштин бир нече түрлөрүн жүргүзгөн салык төлөөчү иштин тиешелүү түрлөрү үчүн ушул беренеде белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.";
40) 427-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул главада каралган салык режими агенттик келишимдин негизинде кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү чогултуу, майнинг, акциздик товарларды, өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишканалардан тышкары өндүрүү жана ишке ашыруу ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу эркин экономикалык зоналардын (мындан ары - ЭЭЗ) субъекттеринин ишине карата гана колдонулат:";
41) 430-берененин 5-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууну кошпогондо, келип чыгышы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык каралган Товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык белгиленген товарларды кийин ташып чыгуу менен ЭЭЗ аймагына импорттоодо ушул Кодекстин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөнөт.
Товарларды ушул бөлүккө ылайык кийин ташып чыгуу максатында ЭЭЗ аймагына импорттоону жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекти ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонууга милдеттүү.";
42) төмөнкүдөй мазмундагы 65-глава менен толукталсын:
"65-глава. Транзакцияга салык
468-берене. Жалпы жоболор
1. Транзакцияга салык төмөнкүлөрдүн ордуна салык төлөөчүнүн ишине карата салык төлөөнү карайт:
1) пайда салыгы;
2) салык салынуучу берүүлөргө КНС;
3) сатуудан алынуучу салык.
2. Бул главада каралган салык режими чет өлкөлүк банктардагы эсептерден алынган жана алардын дарегине жиберилген акча каражаттарын кайра жиберүү боюнча операцияларга карата колдонулат.
3. Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок чет өлкөлүк уюмдун атайын салык режимин колдонуусу транзакциянын алкагында жүзөгө ашырылуучу ишти Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик иш деп таанууга алып келбейт.
469-берене. Салык төлөөчү
1. Салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюм, жеке ишкер, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү;
2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм.
470-берене. Колдонуу тартиби
Мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган жана ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакция боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү төмөнкү учурларда салык режимин колдонуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү:
1) алгачкы мамлекеттик каттоодо;
2) башка салык режимдеринен салыктык катталган жери боюнча транзакцияларды жүзөгө ашыруу башталганга чейин өтүүдө.
471-берене. Салык салуу объекти
Салык салуу объекти болуп транзакциянын алкагында жүзөгө ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын банкында ачылган эсептешүү эсебине акча каражаттарын чегерүү боюнча операция таанылат.
472-берене. Салык базасы
Салык базасы болуп ушул Кодекстин 471-беренесинде көрсөтүлгөн операция боюнча эсепке чегерилүүчү акча каражаттарынын суммасы саналат.
473-берене. Салык ставкасы
Салык ставкасы салык базасынын 0,1 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
474-берене. Салыкты эсептөө жана төлөө тартиби
1. Салыкты эсептөө, кармап калуу жана которуу салык агенти - транзакция жүргүзүлгөн эсептешүү эсеби ачылган банк тарабынан ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
2. Атайын салык режиминин субъекттери ушул главанын алкагында салык салынуучу операцияларга карата башка салыктар боюнча салык төлөөчүлөр деп таанылбайт.
475-берене. Отчеттуулук
1. Ушул главанын алкагында транзакцияга салык боюнча салыктык отчеттуулукту салык агенти - банк тарабынан ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берилет.
2. Атайын салык режиминин субъекттери ушул главада каралган салык боюнча салыктык отчеттуулукту берүүдөн бошотулат.
476-берене. Атайын салык режимин колдонуунун чектөөлөрү
1. 469-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм Кыргыз Республикасынын бир гана банкында эсептешүү эсебин ачууга укуктуу.
2. Атайын салык режиминин субъекттери ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакция деп таанылган операцияларды гана жүргүзүүгө укуктуу.
3. Атайын салык режимин колдонуунун алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууну, жумуштарды аткарууну же кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу;
2) чет өлкөлүк субъекттердин ортосунда акча каражаттарын кайра жиберүү менен байланышпаган операцияларды жүзөгө ашыруу.
4. Транзакцияга салыктын атайын салык режимин колдонуу шарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү мындай бузууга жол берилген айдын биринчи күнүнөн тартып көрсөтүлгөн режимди колдонуу укугун жоготууга алып келет.
5. Атайын салык режимин колдонуу укугу жоголгон учурда мындай укук жоголгон учурдан тартып келип чыккан салык милдеттенмелерин эске алуу менен субъектке жалпы салык режимине ылайык салык салынууга тийиш.".
5-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда ", ошондой эле салыктык талаш-тартыштарды" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 46-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
7-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-1-статьяда:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштөөчү жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары";
б) 1-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2030-жылдын 1-январына чейин төмөнкүдөй белгиленет:";
- төмөнкүдөй мазмундагы "д" пунктчасы менен толукталсын:
"д) жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери 2030-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 2-2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.";
2) 6-статьяда:
а) 1-пунктта "кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерден," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8-бөлүгүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 2, 2-1 жана 2-2-статьяларына ылайык жүргүзүшөт.";
в) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-статьянын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 9-статьяда:
а) 1-пунктта:
- "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык 2030-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;";
- "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пунктта:
- "а" пунктчасынын биринчи абзацы "2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөрдөн кийин "(2030-жылдын 1-январына чейин)" деген сөздөр менен толукталсын;
- "б" пунктчасынын биринчи абзацы "2-1-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына" деген сөздөрдөн кийин "(2030-жылдын 1-январына чейин)" деген сөздөр менен толукталсын;
- "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-пунктта:
- "а" пунктчасынын биринчи абзацы "2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына" деген сөздөрдөн кийин "(2030-жылдын 1-январына чейин)" деген сөздөр менен толукталсын;
- "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-пунктта:
- "а" пунктчасынын биринчи абзацы (2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөрдөн кийин "(2030-жылдын 1-январына чейин)" деген сөздөр менен толукталсын;
- "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 6-пункттун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
8-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 6-пунктунда "жана чекене" деген сөздөр алып салынсын.
9-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-32-пункттар менен толукталсын:
"26) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мүлк салыгына салык төлөөчүнүн 2026-жылдагы салык мезгили үчүн милдеттенмеси 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен аткарылууга тийиш.
Эгерде мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме 2026-жылдын 1-мартында пайда болсо, салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттенмеси 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен аткарылууга тийиш;
27) салык төлөөчү бул товарларды сатууда пайда болгон салыктарды кошпогондо, бул товарлар боюнча салыктарды төлөөнү кошо алганда, баштапкы эсепке алуу мындай товарлар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумуна 2026-жылдын 1-мартына чейин киргизилген шарттарда документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен бошотулат;
28) салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча кылмыш иши козголгон чарбалык субъекттерге карата салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык текшерүүлөрүн, ошондой эле рейддик салык контролун кошпогондо, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сатуучу субъекттерге карата 2026-жылдын 1-мартына чейин салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык текшерүүлөрүн, ошондой эле рейддик салык контролун жүргүзүүгө тыюу салынат;
29) жеке ишкер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактар 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автотранспорт каражаттарын сатуудан алган кирешелери боюнча салык төлөө милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле жоопкерчиликтен, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөөдөн бошотулат.
Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде соттун өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыга элек кылмыш иши болгон учурлардагы карыз, анын ичинде салык кызматынын органы эсептен чыгарган датага карата жоюлбаган кошуп эсептелген туумдар жана салык санкциялары салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;
30) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүгө ниеттенген салык төлөөчү 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоо орду боюнча 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн салык режими боюнча салыктарды төлөө 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.
Арыз бербеген, мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн жана жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүгө укугу жок;
31) жеке ишкерге менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акчаны кошпогондо, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин 2025-жылдын 5-августунан тартып түзүлгөн салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салыктык базага киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин VII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу башка иштерден алынган киреше бөлүгүндө бирдиктүү салык боюнча салыктык карыз салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш.
Ушул пунктту колдонууда салыктык карыз, анын ичинде салык кызматынын органы эсептен чыгарган датага карата кошуп эсептелген жана жоюлбаган туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш.
Карыздарды өндүрүү боюнча сот актысы жана/же соттун айыптоо өкүмү жана/же субъектке карата салык чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыга эле кылмыш иши салык карызын эсептен чыгарууга тоскоол болбойт;
32) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 261-беренесинин 9 жана 10-бөлүктөрүндө белгиленген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан убактылуу ташып келүү ченемдери 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген товарларга карата колдонулат.".
10-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 12-августу, № 70) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасында жасалган зер жана башка баалуу металлдардан жасалган буюмдарга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Өндүрүүчүлөрдүн өздүк эн тамгаларын жана ысымдарын каттоо эрежелерине ылайык салык органында катталган өндүрүүчүнүн өздүк пробалык эн тамгасы басылышы мүмкүн.
Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга өндүрүүчүнүн өздүк пробалык эн тамгасын басууда мамлекеттик эн тамга басуу талап кылынбайт.".
11-берене.
"Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана/же чекене" деген сөздөр алып салынсын.
12-берене.
"Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 5-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-беренеде:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы жок болгондо 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча;";
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- субъектке карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;";
в) 7-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин салыктык текшерүүнүн натыйжасында пайда болгон салык карызы, анын ичинде салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген туумдар жана салык санкциялары боюнча карызы;".
13-берене.
"Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 4-ноябры, № 84) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ушул беренени колдонууда салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген жана жоюлбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар карыздар эсептен чыгарылууга тийиш.
Эгерде субъектке карата төмөнкүлөр болсо, туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар эсептен чыгарылбайт:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун айыптоочу өкүмү;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча бүтө элек кылмыш иши.".
14-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1-4-пункттары, 5-пунктунун "б" пунктчасы, 6 жана 7-пункттары, 8-пунктунун "б" пунктчасы, 9-12, 16, 18-24, 26, 29-39, 42-пункттары, 5, 7, 9, 10 жана 13-беренелер;
2) 2025-жылдын 5-августунан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 8-пунктунун "а" пунктчасы, 12-берене;
3) 2026-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 5-пунктунун "а" пунктчасы;
4) 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 13-пункту;
5) 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 34-пункту.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |