Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-декабры № 197
Бишкек, Сокулук, Жайыл, Майлуу-Суу, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Айтматов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 12 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
- Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-декабрындагы № 8, 10 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы № 9 Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-декабрындагы № 10 Баткен облусунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 40 Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.
3) Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 12 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 12 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 41 Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңеши боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы № 9 Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңеши боюнча;
5) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер.
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы № 18 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-декабрындагы № 9, 11 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-декабрындагы № 10 Баткен облусунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр:
- Сокулук, Жайыл, Майлуу-Суу, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Айтматов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Бишкек, Сокулук, Жайыл, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Айтматов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Бишкек, Сокулук, Жайыл, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Айтматов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 197 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 | Сокулук АШК, № 12, 23.12.2025-ж. (08.12.2025-ж. өз арызы) | Гавриловка айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Алмарсбек уулу Нурмухаммед |
Жайыл району | |||
2 | Жайыл АШК, № 40, 23.12.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0332146 күбөлүгү, Жайыл райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 31.10.2025-ж. берилген) | Ак-Башат айылдык кеңеши (№ 2 Новониколаевка шайлоо округу) | Тесекбаева Зарина Джекшеновна |
Жалал-Абад облусу | |||
Майлуу-Суу шаары | |||
3 | Майлуу-Суу АШК, № 5, 23.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | Токталиев Мирланбек Сапаралиевич (7) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
Тогуз-Торо району | |||
4 | Тогуз-Торо АШК, № 7, 23.12.2025-ж. (19.12.2025-ж. өз арызы) | Атай айылдык кеңеши (№ 3 Арал шайлоо округу) | Каттообеков Сыргак Каттообекович |
Кара-Көл шаары | |||
5 | Кара-Көл АШК, № 8 21.12.2025-ж. (21.12.2025-ж. өз арызы) | Кара-Көл шаардык кеңеши | Батыркулов Кадырбек Дооронкулович (1) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
6 | Кара-Көл АШК, № 10 21.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Кара-Көл шаардык кеңеши | Токтомушев Эгемен Токтомушевич (4) "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
Талас облусу | |||
Айтматов району | |||
7 | Айтматов АШК, № 9, 26.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Чолпонбай айылдык кеңеши (№ 3 Чолпонбай шайлоо округу) | Сейдалы уулу Кубанычбек |
Баткен облусу | |||
Раззаков шаары | |||
8 | Лейлек АШК, № 10, 25.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Раззаков шаардык кеңеши | Джоошбаев Таир Нарбутаевич (1) "Адилет" партиясы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 197 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 | Сокулук АШК, № 12, 23.12.2025-ж. (12.12.2025-ж. өз арызы) | Гавриловка айылдык кеңеши (№ 2 Гавриловка шайлоо округу) | Жоомартбек уулу Акжол |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 197 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Бишкек шаары | ||||
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек АШК, № 18, 26.12.2025-ж. (26.12.2025-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | Ибраев Адилет Джолдошевич (10) "Эл үмүтү" саясий партиясы | Бишкек мамлекеттик университетинин ага окутуучусу |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Сокулук АШК, № 12, 23.12.2025-ж. (23.12.2025-ж. өз арызы) | Гавриловка айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Редчиц Сергей Михайлович | Жеке ишкер |
Жайыл району | ||||
3 | Жайыл АШК, № 41, 23.12.2025-ж. (23.12.2025-ж. өз арызы) | Ак-Башат айылдык кеңеши(№ 2 Новониколаевка шайлоо округу) | Байышбек уулу Мухамедали | Новониколаевка айылындагы мектептин мугалими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
4 | Тогуз-Торо АШК, № 8, 23.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Атай айылдык кеңеши | Топоев Сталбек Медетбекович № 3 Арал шайлоо округу | Жеке ишкер |
Кара-Көл шаары | ||||
5 | Кара-Көл АШК, № 9, 21.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Кара-Көл шаардык кеңеши | Молдобаев Улан Абдиманапович (5) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
6 | Кара-Көл АШК, № 11, 21.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Кара-Көл шаардык кеңеши | Ибраимов Нуржигит Кочорбекович (16) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | Токтогул ГЭСнин инженери |
Талас облусу | ||||
Айтматов району | ||||
7 | Айтматов АШК, № 9, 26.12.2025-ж. (25.12.2025-ж. өз арызы) | Чолпонбай айылдык кеңеши (№ 3 Чолпонбай шайлоо округу) | Торокулов Илияс Ооганович | Жеке ишкер |
Баткен облусу | ||||
Раззаков шаары | ||||
8 | Лейлек АШК, № 10, 25.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Раззаков шаардык кеңеши | Акбаров Уткирбек Устабабаевич (4) "Адилет" саясий партиясы | Жеке ишкер |