Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-декабры № 1120-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 1120-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ("IV Чоң" Протокол) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин (мындан ары - ЕАЭБ жөнүндө келишим) жоболорун өркүндөтүү боюнча жыйынды жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча 2022-2024-жылдары иштелип чыккан жана 33 түзөтүүнү камтыйт.
Протоколго киргизилген түзөтүүлөр төмөнкүлөргө багытталган:
- укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюу;
- ЕАЭБ жөнүндө келишимде колдонулган аныктамаларды тактоо;
- Евразия экономикалык комиссиясына (мындан ары - ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭС) ички рыногундагы тоскоолдуктарды квалификациялоо методологиясын бекитүү жана бөгөттөрдү жана чектөөлөрдү четтетилген деп таануу бөлүгүндө ыйгарым укуктарды берүү.
"IV Чоң" Протоколго төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилди:
1) ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 5 тиркемесинде:
41-пунктта камтылган маалыматтарды ЕЭКтин пайдалануусунун максатын тактоо;
ташып келүү бажы алымдарын төлөөгө байланыштуу маалымат алмашуунун тартибин караган V бөлүмдү күчүн жоготту деп таануу (азыркы убакта ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 5 тиркемесинин 45-пунктуна ылайык Борбордук Бажы Органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу алмашуу ЕАЭБдин Бажы кодексинин 370-беренесине ылайык алмашуу жүзөгө ашырылып жаткан маалыматты кайталап жатат);
2) № 9 тиркемеде ЕЭКтин Кеңешине ЕАЭБдин техникалык регламенттерин колдонуу маселелерин тактоого бир түрдүү мамилени камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү бөлүгүндө (түзөтүүнү кийинкиге калтырууга болбойт, анткени Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы чечими менен бекитилген 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 4.1.5-пунктуна ылайык бул чечимди кабыл алуунун мөөнөтү - 2024-жылдын 31-декабрына чейин);
3) № 10 тиркемеде терминологияны тактоо бөлүгүндө ("стандарттык үлгү" түшүнүгүнүн жаңы аныктамасы);
4) № 16 тиркемеде:
- инвестицияларды экспроприациялоо учурунда улуттук банктар аралык рыноктун АКШ долларында иш жүзүндө берилген кредиттер боюнча 6 айга чейинки мөөнөткө (ЕАЭБдин көпчүлүк мүчө мамлекеттерде бул ставканы эсептөө жок) рыноктук негизде белгиленүүчү коммерциялык ставкага компенсацияны кечиктирүүдө пайыздарды эсептөө формуласында алмаштыруу боюнча (чет өлкөлүк инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуулардын алкагында ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттери тарабынан колдонулат);
- индикативдик ставканын аталышын тактоо боюнча 2021-жылдын аягында LIBOR индикатору жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, ошондуктан бул индикатордун репрезентативдүүлүгүн колдоо жана кепилдик берүү токтотулган. Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкы (АКШ) тарабынан башкарылуучу АКШ долларындагы LIBOR ставкасын Secured Overnight Financing Rate (SOFR) ставкасына алмаштырууну ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын эксперттери макулдашты;
5) № 19 тиркемеде:
- ЕАЭБдин кайсы мүчө мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык конкреттештирүү ЕЭКтин айып салуу жөнүндө чечимдерин, ЕЭКтин тартип бузуучуну белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирген чечимдерин мажбурлап аткартуу жүзөгө ашырылат;
- ЕАЭБдин кайсы мүчө мамлекетинин бюджетине тартип бузуучуну белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирген ЕЭКтин чечимдерин аткарбагандыгы үчүн айыптар чегерилерин тактоо (бул түзөтүүнү кийинкиге калтырууга болбойт, ал "II Чоң" Протоколдо (2024-жылдын 12-февралында күчүнө кирген) камтылган, ушул айыптарга кирген түзөтүү менен байланыштуу;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерине жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу жаатында мамлекеттин коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик муктаждыктар үчүн жеткирилүүчү продукцияны мамлекеттик бааны жөнгө салуу учурларына № 19 тиркеменин 81-83-пункттарын колдонбоону белгилөө;
6) № 21 тиркемеде:
ЕАЭБдин жалпы электр энергетика рыногунун иштөө эрежелеринин долбоорлорун иштеп чыгууда кабыл алынган чечимдерге ылайык "кошулуу жөнүндө келишим" терминологиясын тактоо;
ЕАЭБдин жалпы электр энергетика рыногунун инфраструктуралык уюмдарынын курамына каттоочуларды киргизүү, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин (функциялары жана ыйгарым укуктары) аныктоо;
жалпы электр энергетика рыногунун иштөө эрежелери менен аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды толуктоо (Мүчө мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин укуктары жана милдеттери) (№ 21 тиркемесине түзөтүүлөрдү кийинкиге калтырууга жол берилбейт, анткени ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 4-июлундагы № 21 тескемесине ылайык алар мүчө мамлекеттердин башчыларына кол коюу үчүн 2024-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө берилиши керек жана алардын күчүнө кириши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 19 чечиминин күчүнө кирүүсүнө мүмкүндүк берет, анда ЕАЭБдин жалпы электр энергетика рыногунда каттоочунун аракеттерин контролдоо бөлүгүндө жетекчилердин кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөр камтылат);
7) ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) контролду жүзөгө ашыруу тартибинде эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда электрондук уруксаттарды колдонуу мүмкүндүгү каралат;
8) мамлекеттик сатып алуулар бөлүгүндө:
терминологияны тактоо ("веб-портал" түшүнүгүн түзөтүү, "сатып алуулар жөнүндө маалымат" түшүнүгүн алып салуу);
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери ЕАЭБдин алкагында эл аралык келишимге ылайык мамлекеттик сатып алуулардын максаттары үчүн банктык кепилдиктерди өз ара тааныйт деп тактоо;
сатып алуулардын ыкмаларын аныктоо, анын жыйынтыктары боюнча тараптар сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) жана аларга кошумча макулдашууларды электрондук форматта түзүүнү камсыз кылат;
веб-порталда жарыяланган (жайгаштырылган) маалыматтарды жана документтерди тактоо (анын ичинде орус тилинде) жана түзөтүүлөр күчүнө киргенден кийин Армения Республикасы тарабынан бул ченемди колдонуу үчүн узактыгы 2 жыл болгон өткөөл мезгил каралууда;
веб-порталда жарыялануучу (жайгаштырылуучу) ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери тоскоолдуксуз жана акысыз жетүүнү уюштура турган маалыматтарды жана документтерди тактоо;
төмөнкүдөй бир булактан сатып алууларды жүзөгө ашыруу учурларынын тизмегин кеңейтүү:
- бий, музыкалык, вокалдык номерлерди аткарууга конкреттүү юридикалык жактан (көркөм чыгармачылык жамаатынан);
- бул иш-чараларга катышуу үчүн спорттук, дене тарбия (спорттук-массалык) иш-чараларга катышуучуларды жиберүү менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдөн;
- мамлекеттик (улуттук) эталондордун курамынан чоңдуктар жана өлчөө каражаттарынын бирдиктеринин мамлекеттик (улуттук) эталондорун салыштыруу, текшерүү, калибрлөө үчүн сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн);
- ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына продукцияны изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүчү сыноо лабораториялары үчүн стандарттык үлгүлөрдүн;
9) ЕАЭБдин органдарына бир катар ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле болгон ыйгарым укуктарды тактоо бөлүгүндө, мисалы:
- ЕЭК:
ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктардын квалификациясынын методологиясын бекитүү жана тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетилди деп таануу боюнча;
10) техникалык түзөтүүлөр, анын ичинде колдонуудагы эмес ченемдер алып салынат.
Мындан тышкары, № 5, 28 жана 29-тиркемелерде Казакстан Республикасынын борборунун аталышы актуалдаштырылат ("Нур-Султан" шаары "Астана" деп алмаштырылат).
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдери гана ратификацияланууга тийиш, документ ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин президенттери тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйналышында кол коюлгандыгын эске алып, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору милдеттүү түрдө ратификацияланууга жана мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүүгө тийиш.
Мурда Протокол Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-январындагы № 1-т тескемеси менен жактырылган.
Протоколдун тексти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери тарабынан каралды жана жактырылды (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 6-10564 корутундусу, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 6-10699 корутундусу, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2024-жылдын 5-декабрындагы № 6-10984 корутундусу).
Протокол Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбейт.
Протокол жана аны ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.