ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XVII сессиясы
2023-жылдын 18-январындагы №84-1
Жергиликтүү жамааттын Петровка айыл аймагынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругун угуп жана талкуулап
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде Петровка айылдык кеңешинин веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| У.Абылдаев |