Редакцияот 26.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын

кезектеги XXI сессиясынын

 

2025-жылдын 26-декабры №7

 

“Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык ” муниципалдык мекемесинин тарифтерин бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 16.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8054-сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезексиз ХXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемеси турмуш-тиричилик калдыктарына төлөнүүчү тарифтери №1 жана №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-январынан тартып эсептелсин.

2. Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Б.Эргешов) шаардагы жарандардан жана юридикалык жактардан турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгуу үчүн төлөнүүчү атайын каражаттын жана абоненттердин санын көбөйтүү боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгуу боюнча тарифтерди жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Б.Эргешов) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүүгө киргизүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.

 

Төрага:

Болотов Н.Б.

 

 

Манас шаардык кеңештин кезексиз XXI сессиясынын №7-токтомуна

1-тиркеме

 

 

 

Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык ” муниципалдык мекемесинин турмуш-тиричилик калдыктарын ташуу кызматынын абоненттик төлөм тарифтери

 

№

Аталышы

Өлчөө

бирдиги

Тариф (сом)

1

Көп кабаттуу үйлөр

1 жашоочуга

40,00

2

Жер үйлөр

1 жашоочуга

45,00

3

Мекеме уюмдар

1 м.куб таштандыга

650,00

4

Өздөрү ташуучулар

1 м.куб таштандыга

500,00

5.

Шаар аймагынан сырткары жайгашкан жер үйлөргө

 

1 айга (1 түтүн)

200,00

6.

Жайма базар (арабада саткандар)

1 орундука

30 сом күнүнө

 

 

 

 

Жооптуу катчы

Осмонова Г.О

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Манас шаардык кеңештин кезексиз XXI сессиясынын №7-токтомуна

2-тиркеме

 

 

Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин турмуш-тиричилик калдыктарын ташууда абоненттердин категориясы боюнча тарифтери

 

№

п/п

 

Абонеттердин категориясы

Өлчөө бирдиги

Таштанды

(м3)

жылына

Сом/

м.куб

жылына

Төлөм (сом)

айга

жылга

Юридикалык жана административдик жактар

1

Мекеме, уюмдар

1 кызматкерге

0,650

650

35,21

422,50

2

ЖОЖ, колледждер, лицейлер, окуу борборлору жана жатаканалар

 1 студентке

0,692

650

45,00

450,00

3

Мектептер

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

650,00

7800,00

4

Бала бакчалар

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

650,00

7800,00

5

Театр, стадион  жана филармония

1 м3 (чакыруу менен)

      1,000

650

650,00

7800,00

6

Ооруканалар

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

650,00

7800,00

7

Поликлиника

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

650,00

7800,00

8

Санатория

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

650,00

7800,00

9

Темир жол, автоунаа жана учак бекеттери

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

650,00

7800,00

Коммерциялык жактар

1

Дарыканалар

1 м²

0,470

650

25,46

305,50

2

Мед. Борбор жана стоматолия

1 орундукка

0,250

650

13,54

162,50

3

Мейманканалар жана эс алуучу үйлөр

1 орундукка

1,524

650

82,55

990,60

4

Базарлар жана курулуш базарлары

1 м3 (чакыруу менен)

      1,000

650

650,00

7800,00

5

Кинотеатр жана атракцион оюндары

1 орундукка

0,408

650

22,1

265,20

6

Азык тулук дукондору, куроолор жана киоскалар

  1 м²

0,470

650

25,46

305,50

7

Онор-жай, дур-дуйно дукондор, соода борборлору чон жана кичи маркеттер

  1 м²

0,574

650650

31,09

373,10

8

Автоунаа токтоочу жайлар жана гараждар

1 орундукка

2,000

650

 

1300,00

9

Кафелер, ресторандар ашканалар жана барлар

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

 

7800,00

10

Бильярддык залдар

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

 

7800,00

11

Навайкана самсакана (тандырына), шашылыкчылар (мангалына, гриль бышыруучу шайманга)

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

 

7800,00

12

Кызмат корсотуу сферасы, турмуш-тиричилик комбинаты, чач тарач каналар, сулуулук салондор мастердик ондоо

1 кызматкерге

6,000

650

 

3900,00

13

Куйуучу май куюуучу, автоунаа жуучу, автоунааларга кызмат корсотуучу жайлар

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

 

7800,00

14

Компьютердик оюндар жана оюн автоматтар

1 орундукка

2,000

650

 

1300,00

15

Май жуваз жана ак жуваз

1 м²

0,800

650

 

520,00

16

Мончолор, сауналар жана бассейиндер

1 м3 (чакыруу менен)

1,000

650

 

7800,00

17

Ажатканалар

1 орундукка

2,900

650

 

1885,00

18

Кампа жайлар, кум блок чыгаруу

1 м²

0,700

650

 

455,00

19

Суу, балмуздак, жарма, шоро, кымыз, жана шербет сатуучулар

1 орундукка

6,000

650

 

3900,00

Айыл чарба жаныбарлары үчүн

1

Ийри мүйүздүү малдар, жылкылар жана чочколор

Башына

0,925

650

50,10

601,25

2

Кой-эчкилер

Башына

0,615

650

33,31

399,75

3

Канаттуулар

Башына

0,405

650

21,94

263,25

 

 

 

 

Жооптуу катчы

Осмонова Г.О