Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
III-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 3/5-1
Жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого” ылайык, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү берген сунушту карап талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого” ылайык төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.
Б.Асанов Айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчы комиссиянын төрагасы.
Р.Раимбеков жер адис комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү
Н.Болтоков инвестиция боюнча адис .
Айылдык кенештин депутаты өз айылдарында.
Айыл башчылар өз айылдарында.
Кара-Суу мамкаттоо “Кадастр” адиси.(өз макулдугу)
Кара-Суу архитектура адиси. (өз макулдугу)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |