Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
III-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 3/5-2
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого ылайык Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн берген сунушун карап, талкуулап Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого ылайык Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн берген сунушун карап талкуулап төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.
Б.Асанов Айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчы комиссиянын төрагасы.
Р.Раимбеков жер адис комиссиянын катчысы.
Т.Абдибаитова комиссиянын мүчөсү.
Айыл башчылар өз айылдарында.
З.Султанов депутат.
Кадастр өз макулдугу менен.
Архитектура өз макулдугу менен.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |