Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
III-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 3/6
“Кара-Суу 11-90” Муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген” Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү “Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2.”Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасын баштапкы уставтык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттеги 2025-жылдын башында калган бош акча каражаттарынын эсебинен 300(үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |