Редакцияот 27.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 8-сессиясы

 

2025-жылдын 27-августу  №8-1

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана аткарылышы жөнүндө

Гулистан айылдык кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери кээ бир кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белигиленсин.

2. Гулистан айыл өкмөтүнө: 2025-жылда аткарылышы пландаштырылган иштердин III жана IV кварталдарда аякталышы тиешелүү кызматкерлерге тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 У.Мирзакулов