КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 82 "Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун күтүү боюнча жумуштарды каржылоо маселесин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 82 "Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пункттун 3-пунктчасында "бюджеттин" деген сөз "жана жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пилоттук долбоорду каржылоону тиешелүү жылга автомобиль жолун күтүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында камсыз кылсын, ошол эле учурда жетишпеген чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.”;
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"– автомобиль жолун күтүү боюнча жумуштарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылбоочу бөлүгүндө кошумча каржылоону камсыз кылсын; ".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-январындагы № 3 (3763) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |