Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 19-январы № 3
“Виртуалдык активдер жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2022-жылдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16) стейблкоин (stablecoin) - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же чет өлкөлүк валютада туюндурулган акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата туруктуу наркты кармап туруу үчүн арналган камсыздалган виртуалдык активдин түрү. Стейблкоиндердин эмиссиясы (чыгаруу), камсыз кылуу, акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата катышы, стейблкоиндерди жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-23-пункттар менен толукталсын:
“21) реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token - RWA Token) - эмиссиясы (чыгаруу) реалдуу активге карата мүлктүк укук менен камсыздалган виртуалдык актив же мындай активге байланыштуу документ түрүндө тастыкталган милдеттенменин санариптик формасын билдирет. Реалдуу активдердин тизмеги, RWA Token эмиссиясы (чыгаруу), камсыздоо, жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет;
22) мамлекеттик майнинг - мамлекеттин толук же үлүштүк катышуусу формасында (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик компаниянын атынан) же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик ишкананы түзүү аркылуу мамлекеттин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу майнинг боюнча иш. Мамлекеттик майнинг мамлекеттик криптовалюталык резервди түзүү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн виртуалдык активдерди өндүрүү максатында энергетикалык, инфратүзүмдүк жана технологиялык ресурстарды пайдаланууну караштырышы мүмкүн;
23) мамлекеттик криптовалюта резерви - майнинг, чыгаруу, токенизациялоо жана сатып алуу жолу менен түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде турган виртуалдык активдердин жыйындысы. Мамлекеттик криптовалюта резерви финансылык туруктуулукту чыңдоо, улуттук санариптик демилгелерди колдоо жана виртуалдык активдер рыногунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. Криптовалюта резервин түзүү, сактоо, башкаруу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.”;
2) 5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада да, чет өлкө валютасында да камсыздалган виртуалдык активдердин гана эмиссиясына (чыгарууга) жол берилет.”;
3) 9-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) виртуалдык активдерди, анын ичинде стейблкоиндерди жана RWA Token улуттук же чет өлкө валютасында эмиссиясы (чыгаруу) жана баштапкы жайгаштыруу;”;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 91 жана 92-беренелер менен толукталсын:
“91-берене. Атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында убактылуу жөнгө салуу
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу.
Атайын жөнгө салуучу режим деп виртуалдык активдер рыногунда инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген контролдонуучу чөйрөдө (аймак боюнча, убакыт боюнча, операциялардын жана пайдалануучулардын саны жана көлөмү боюнча жана башкалар боюнча) апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы түшүнүлөт.
Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүү жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана атайын жөнгө салуучу режимге катышкан башка юридикалык жактардын ишине коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында, атайын жөнгө салуучу режимге катышуусуна жана/же атайын жөнгө салуучу режимге катышууга байланыштуу аларга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган айрым юридикалык жактарга преференцияларды берүүгө жол берилбейт.
4. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштай алат.
5. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) иштешинин жалпы саясатын жана алкактык принциптерин аныктайт, ал эми ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорлорду түздөн-түз ишке ашырууну, башкарууну жана контролдоону жүзөгө ашырат.
6. Виртуалдык активдер менен операциялар үчүн атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензияларды берүү, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуп коюу тартиби, ошондой эле жөнгө салуу шарттары Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленет.
92-берене. Атайын жөнгө салуучу режимге катышуу үчүн лицензиялар
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон максаттарга жана иштин түрлөрүнө ылайык атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензиялоону жана уруксат берүүчү документтерди берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагындагы лицензия/уруксат аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иштин максаттарына жана түрлөрүнө ылайык (контролдонуучу чөйрөнүн шарттарына жараша) колдонуу мөөнөтү чектелген, энчилүү (ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилбейт.”;
5) 10 жана 11-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары жана ыйгарым укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана иштөөсү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдерди жөнгө салуу, эмиссия (чыгаруу), жүгүртүү жана мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгат, алардын ишке ашырылышына көмөктөшөт;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана иштеши боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана координацияны жүзөгө ашырат;
4) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу), жүгүртүү жана алардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо маселелери боюнча мыйзамдарды андан ары өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
5) виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, коррупцияга каршы жана техникалык экспертиза жүргүзөт;
6) виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын түзүүгө катышат;
7) лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү, анын ичинде виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата таасир этүү, анын ичинде лицензияны жана/же уруксатты токтотуп туруу, калыбына келтирүү, жокко чыгаруу жана кайра чакыртып алуу чараларын көрөт;
9) виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат же мамлекеттик каттоодон баш тартат, виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) болгон/болбогон же жараксыз деп тааныйт, виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) токтотуп турат жана жокко чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү виртуалдык активдердин эмитенттерине карата талаптарды иштеп чыгат;
11) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүү үчүн улуттук стандарттарды жана классификацияларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
12) Кыргыз Республикасында Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик реестрди түзөт жана жүргүзөт;
13) виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жана виртуалдык активдер менен байланышкан санариптик технологиялар боюнча эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
14) мурда Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүндө көрсөтүлбөгөн жаңы кызматтарды жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарыл болгон шарттарда инновациялык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуучу режимди түзүүнүн тартиби, атайын жөнгө салуучу режимге катышуунун тартиби жана катышуучуларга карата талаптар боюнча сунуштарды берет;
15) майнинг-пулду ишке киргизүү жана иштеши боюнча чараларды ишке ашырат;
16) катышуучулары (акционерлери) жана виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын кызмат адамдары өзгөргөндө макулдашууну жүргүзөт же макулдашуудан баш тартат;
17) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган өзүнүн компетенциясынын алкагында башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.
11-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары жана ыйгарым укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга, виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтардын көрсөтүлүшүнө көзөмөлдү, контролду, анын ичинде лицензиялык контролду жана мониторингди жүзөгө ашырат;
2) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун), терроризмди каржылоонун алдын алуу боюнча талаптардын сакталышына жана санкциялык мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзөт;
3) виртуалдык активдер рыногунун абалы жана көрүлгөн көзөмөл чаралары жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдайт жана расмий сайтка жарыялайт;
4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде виртуалдык активдер менен байланышкан блокчейн-талдоо операцияларынын инструменттерин ишке киргизүү боюнча талаптагыдай көзөмөлдөө механизмдерин ишке киргизет жана колдонот;
5) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан отчетторду жана маалыматтарды кабыл алат, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын алкагында суроо-талаптарды жөнөтөт жана көрсөтүлгөн субъекттерден зарыл маалыматтарды жана материалдарды алат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өзүнүн көзөмөлдөө жана контролдоо ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.";
6) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16-берене. Майнерлерди каттоо
1. Майнингди жүзөгө ашырып жаткан жактар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү.
2. Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнингди жүзөгө ашырууга укуктуу.
Майнингди жүзөгө ашырууга чектелбеген мөөнөткө сертификат берилет.
3. Майнерлердин сертификатты алышынын талаптары жана шарттары:
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен милдеттүү каттоодон өтүү;
- ушул Мыйзамга ылайык каттоо үчүн жыйымды төлөө;
- менчикте майнинг жабдуусунун болушу;
- майнингдин натыйжасында алынган виртуалдык активдерди эсептөө үчүн колдонуудагы виртуалдык актив капчыгынын болушу;
- өрт өчүрүү, санитардык жана техникалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен майнинг жабдуусун орнотууга арналган жайды электр энергиясы менен камсыздоо системасынын техникалык оң болушун жана талаптагыдай сапатын камсыз кылуу;
- көмүскө майнингди жүзөгө ашырбоо;
- ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча акысыз негизде майнинг ишин жүргүзүү же виртуалдык активдерди жүгүртүү ишине байланыштуу маалыматты ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берүү.”;
7) 18-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Виртуалдык активдердин эмиссиясын, баштапкы жайгаштырууну жана жүгүртүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби, шарттары жана талаптары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.”;
8) 25-берененин 2-бөлүгүндөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президенти” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 27-берененин 7-бөлүгүндөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти” деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 28-берененин 3-бөлүгүндөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президенти” деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 30-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга лицензия берүү тууралуу арыз менен кайрылат.
Лицензия берүү тууралуу арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
- юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн ырастаган башка документтер жана маалыматтар.”;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацындагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 37-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ыйгарым укуктуу органдар виртуалдык активдердин баасы түшкөн же жоголгон учурда милдеттенмелерди алышпайт, ошондой эле наркынын ордун толтурбайт.”.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-январындагы № 4 (3764) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 24-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |