Редакцияот 22.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)

ТОКТОМ

2025-жылдын 22 - декабры №19/79

 

2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлор (ПСД) даярдалуучу иш-чаралардын тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-22-23-27- октябрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.      2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлор (ПСД) даярдалуучу иш- чаралардын тизмеси бекитилсин жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына киргизилсин (тиркеме 1).

 

2.      2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлорду (ПСД) даярдоодо бекитилген тизмеге ылайык иш алып баруу жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.

 

3.      Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

4.      Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

 

А.Мурзаев

 

 

 

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин

  (8-чакырылышы) 2025-жылдын

22-декабрындагы кезексиз

19-сессиясынын № 19/79 токтомуна

   тиркеме 1

 

 

2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлор (ПСД) даярдалуучу иш-чаралардын тизмеси

 

№

Иш-чаралар

  1.  

“Молдо Гулмат” атындагы борбордук сейил багын реконструкциялоо

  1.  

Жусубалиев көчөсүндөгү светофордон баштап “Азамат” жеке мектебине чейинки жол тилкесин асфальттоо, лоток, тротуар жасоо

  1.  

Баткен жазуудан Кадамжай жазууга чейинки аралыкты жарыктандыруу

  1.  

14-кичи районундагы 600 метр жол тилкесин асфальттоо

  1.  

Мэриянын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү

  1.  

ДКШ капиталдык ремонттоо 

  1.  

Молодежная көчөсүнөн баштап Асаналиев көчөсүнө чейинки жолду кеңейтүү, тротуарларын, лотокторун, жарыктандыруусун оңдоо

  1.  

ОсОО “Манас”кайтарылган имаратын капиталдык оңдоо, муниципалдык ишканаларды жылдыруу

  1.  

"Караван" АБ имаратынын экинчи кабатынын курулушун бүткөрүү 

  1.  

Хрипченко көчөсүндөгү бүтпөй калган жолдун асфальтын бүтүрүү

  1.  

Киргизская көчөсүндөгү 380 метр бүтпөй калган жол тилкесинин асфальт иштерин бүтүрүү

  1.  

Кара-Козу участкасындагы спорт залдын куруу иштерин аяктоо

  1.  

Кулатов көчөсүндөгү 2 кабаттуу имаратты (кирпичный) капиталдык оңдоодон өткөрүү

  1.  

Муниципалдык мал базарын ачуу

  1.  

Кыргызстандын 20 жылдык көчөсүндөгү аллеяны бүтүрүү

  1.  

Бам 15 кичи районуна аллея куруу жана асфальттоо

  1.  

Абжапаров көчөсүнөн Восток 2 көчөсүнө чейинки жолду кеңейтүү, тротуар, лоток орнотуу, жарыктандыруу

  1.  

Кара-Кыштак 25 км  таза суу алып келүү

  1.  

6 км канализация, тазалоо курулушу

  1.  

Модульный ТЭЦ  куруу

  1.  

Январский кичи районун газдаштыруу

  1.  

Киров көчөсүндөгү 2 км жерге "Жашыл мурас" программасы алкагында бак тигүү

  1.  

Шаардагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу, ички көчөлөрдөгү электр чубалгыларын жакшыртуу

  1.  

Борбордук китепкана ремонт

  1.  

Ак-Булак айылындагы спорт залдын долбоорун даярдоо, курулуш иштерин аягына чыгаруу 

  1.  

Токтогул-Жамбул көчөлөрүнө тротуар жана түнкү жарыктандыруу орнотуу 

  1.  

Кара-Козу участкасынын 3-мост тарабынан  1,2 км  жаңы жол куруу,  Токтогул көчөсүнө чейин тротуар, жарыктандыруу жасоо

  1.  

Ак-Булак айылындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү

  1.  

Асаналиев көчөсүнөн Кулатов көчөсүндөгү Олимп АЗСке чейинки аралыкка альтернативдүү айлампа жол куруу

  1.  

ЖДПБ алдын иретке келтирүү, асфальт төшөө. Поликлиниканын алдына сквер куруу. Поликлиниканын алды жана арткы жагына кошумча кабинеттерди куруу

  1.  

Ак-Куу балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү

  1.  

Д.Шамшиев көчөсүнө тротуар жасоо, түнкү жарыктандыруу 

  1.  

Ынтымак айылынан кире бериш тарапка стелла куруу 

  1.  

Токтогул көчөсүнөн Нефтебазага чейинки аралыкка саркынды суу куурларын тартуу

  1.  

Жин-Жиген айылына бала бакча куруу

  1.  

Ак-Булак айылындагы Байтеит уч. жолду асфальттоо, мазарга чейинки жолго асфальт төшөө

  1.  

Ак-Булак айылындагы Байтеит уч. Күнгөй 1-2  таза суу куурларын тартуу

  1.  

Караван айылындагы Сартбаева көчөсүнөн самотекко чейинки жолду асфальттоо

  1.  

Жусубалиев көчөсүнө “Аква-Парк-Бассейн” куруу

  1.  

“Маш-Завод” жаңы конушунун жолдорун асфальттоо

  1.  

Полигондогу круговойдон баштап Жусубалиев - Кулатов  көчөсүнө чейинки аралыкка жарыктандыруу, лоток, тротуар жасоо

  1.  

Ак-Булак айылына автобаза куруу

  1.  

Сухой-Сай каналын кенейтүү, селден коргоочу тосмолорду куруу

  1.  

Молодежная - (Сухой Сай)- көпүрө куруу

  1.  

Масалиев көчөсүндөгү неврология бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоо

  1.  

Караван айылынын Тайгараев көчөсүн  асфальттоо

  1.  

Караван айылына спорт аянтчасын жана спортзал куруу

  1.  

БАМ кичи ройонуна жол салуу

  1.  

№5 мектепке тротуар салуу

  1.  

№13 мектепке чейинки жолду ондоо

  1.  

Энгельс, Маркс көчөлөрүн асфальттоо жана газдаштыруу

  1.  

Краснопартизан көчөсүнө лоток жаткыруу жана жолдорун ондоо

  1.  

Новая жана Комсомольская көчөлөрүн асфальттоо

  1.  

Бам кичи ройонунда спортзалдын тосмолорун куруу

  1.  

№13 кичи ройонуна балдар аянтчасын куруу,  К.Асанов көчөсүн асфальттоо

  1.  

Техникумская, Школьная көчөсүн жарыктандыруу, лоток жаткыруу, балдар аянтчасын куруу

  1.  

Джальская жана Солнышко көчөлөрүн  асфальттоо, жарыктандыруу, таза суу куурларын орнотуу

  1.  

Октябрская көчөсүнө тротуар жана балдар аянтчасын  куруу

  1.  

Караван айылындагы №22, №8 балдар бакчаларына балдар ойноочу аянтчаларын куруу

  1.  

Жусубалиев көчөсүндөгү жаны курулган неврология имаратына кирүүчү жол тар болгондугуна байланыштуу, аны кенейтүү

  1.  

Жусубалиев көчөсүндөгү психонаркология бөлүмүнүн сол капталындагы жолду асфальттоо

  1.  

Стоматология бөлүмүнүн алдына окуу конференц-залын куруу

  1.  

Ынтымак көчөсүнөн №7 мектепке түшүп кетип жаткан жолду асфальттоо

  1.  

Муса Абдувалиев көчөсүндөгү жыгач электрмамычаларын заманбап мамычаларга алмаштыруу

 

 

 

ММДнин башчысы Н.Кыпчаков