КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)
ТОКТОМ
2025-жылдын 22 - декабры №19/80
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-22-23-27- октябрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме 1).
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондун пайдаланууда Жобого ылайык иш жүргүзүү жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
22-декабрындагы кезексиз
19-сессиясынын № 19/80 токтомуна
тиркеме 1
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу
ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жыл сайын жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун (мындан ары – резервдик бюджет каражаттарын пайдалануу жол-жобосун аныктайт.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилген каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин курамында резервдик фонд түзөт. Резервдик фонд жергиликтүү бюджетке өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
Резервдик фонддун өлчөмү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпашы керек (резервдик фонддун каражатын жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн түшүүлөрдү эсепке албаганда).
Резервдик фондду пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим (буйрук,токтом) Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана ушул тартипке ылайык кабыл алынат.
2-глава. Резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүүнүн багыттары
1. Резервдик фонддун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды финансылык камсыздоого, анын ичинде төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар убагында финансылык маселелерди ыкчам чечүүгө;
2) Кызыл-Кыя шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка локалдык окуялардын ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгектин ардагерлерине жана табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошкон көрүнүктүү коомдук, саясий, илимий ишмерлерге, маданият кызматкерлерине, спорт чеберлерине жана башка чөйрөлөрдөгү көрүнүктүү инсандарга материалдык жардам көрсөтүүгө жана алардын ысымын түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иш- чараларга;
4) Кызыл-Кыя шаарында туруктуу каттоосу бар оор турмуштук кырдаалга туш социалдык жактан муктаж болгон жарандарга, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
5) Эл аралык, республикалык жана шаардык деңгээлдеги спорттук, маданий- массалык, илимий, социалдык коргоо багытындагы иш-чараларды өткөрүүгө жана алардын катышуучуларына финансылык-материалдык колдоо көрсөтүүгө;
6) Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу кызматкерлерин сыйлоого жана расмий күндөргө арналган майрам күндөрүндөгү расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
7) Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын атынан сыйлоо менен байланышкан иш- чараларды каржылоого;
8) расмий кабыл алууларды, жолугушууларды, семинарларды жана башка жалпы шаардык маанидеги иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
9) Кызыл-Кыя шаарынын жөндөмдүү, таланттуу, илимдуу, билимдуу жарандарына, анын ичинде шаардын чегинен тышкары (чет өлкөлөргө) билим берүү, илим, медицина, маданият тармагындагы программалар боюнча тажрыйба алмашуу үчүн чыгып жатышкан жарандарга финансылык колдоо көрсөтүүгө,
10) Олуттуу социалдык маанилуу мүнөзгө ээ, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык кечиктирилгис каржылоону талап кылган башка максаттарга.
2. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар саналат.
3. Ушул тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына кайрылат. Кайрылууда каражаттарды акыркы алуучулар, каражаттар пайдаланыла турган иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө кеңири маалымат камтылууга тийиш.
4. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунан каражаттарды алууга келип түшкөн кайрылуулар, Кызыл-Кыяшаарынын мэриясынын аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Келип түшкөн кайрылуулар ушул тартиптин талаптарына ылайык бөлүмдөрү тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэрине резервдик каражаттарды бөлүү жөнүндө негизделген сунуш киргизилет.
5. Зарыл болгон учурда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан кошумча ырастоочу документтерди талап кылууга укуктуу.
6. Аталган кайрылууларды кароонун он жыйынтыгы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү резервдик фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын чечиминин долбоорун даярдайт.
7. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер Кызыл-Кыя шаарынын мэринин же финансы маселелери боюнча кол коюу ыйгарым укугу берилген мэрдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) чечими менен кабыл алынат.
8. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоо,референдум өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоого;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин ишин чагылдырууга;
3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сый акы берүүгө;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык- техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
3-глава. Каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаттары боюнча отчеттуулук
1. Акча каражаттарын алуучулар (жеке жактарды кошпогондо) резервдик фонддон бөлүнгөн каражаттардын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Каражаттарды алуучулар (жеке жактарды кошпогондо) резервдик фонддун каражаттарын өздөштүрүүнүн, пайдалануунун жыйынтыктары боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын бухгалтериясына аларды пайдалануу жөнүндө отчет берет.
3. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын бухгалтериясы резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кызыл-Кыя шаарындагы башкармалыгына жөнөтөт.
Аппарат жетекчиси Т.Алимбекова