КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)
ТОКТОМ
2025-жылдын 22 - декабры №19/81
Үлүштүк каржылоо жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-22-23-27- октябрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үлүштүк каржылоо жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме 1).
2. Жергиликтүү бюджеттин үлүштүк каражаттарын пайдаланууда Жобого ылайык иш алып баруу жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
22-декабрындагы кезексиз
19-сессиясынын № 19/81 токтомуна
тиркеме 1
Үлүштүк каржылоо жөнүндө
ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө 113- мыйзамына 4-беренесине, Бюджеттик кодексинин 5-главасынын 28-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык иштелип чыккан.
Жобо жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүүнү жана иштетүүнү иреттейт.
Каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп эсептелет.
Үлүштүк каржылоо учурдагы жылда жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо үчүн берилген акча каражаттары накталай эмес түрдө бекер жана кайтарылгыс негизде берилет.
Үлүштүк каржылоо үчүн берилүүчү акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алууда Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттарына дал келүүчү долбоорлорго жана иш-чараларга артыкчылык берилет.
Үлүштүк каржылоо үчүн берилген акча каражаттары максаттуу иштетилбесе жергиликтүү бюджетке кайтарылып алынат.
1. Жалпы жоболор
Үлүштүк каржылоо - бюджеттик мекемелерге, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, муниципалдык аймактык башкармалыктарга, Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына, инвестициялык долбоорлорго үлүштүк катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бекер жана кайтарылтыс негизде берилген каражаттар.
Капиталдык чыгымдар - негизги капиталды сатып алууга, курууга, реконструкциялоого,техникалык жактан кайра жабдууга,негизги каражаттарды капиталдык оңдоп-түзөөгө кетүүчү чыгымдар.
Инвестициялык долбоор (долбоор) -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте бекитилген стандарттарга (ченемдерге жана эрежелерге) ылайык иштелип чыккан долбоордун зарыл болгон долбоордук-сметалык документтерин кошкондо, социалдык-экономикалык негиздүүлүгүн, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөө, ошондой эле инвестицияларды өнүктүрүү боюнча практикалык аракеттердин сүрөттөлүшү.
2. Максаты жана милдеттери
Бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун максаты-мамлекеттик жана эл аралык максаттуу программаларга же башка фонддорго берилген долбоорлорду биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Үлүштүк каржылоо жергиликтүү бюджеттен эл аралык финансы институттары, донорлор, өкметтүк эмес уюмдар жана шаар тургундары тарабынан каржыланган инвестициялык долбоорлорду аткарууга кошумча каржылоо болуп саналат.
Үлүштүк каржылоо үчүн берилген акча каражаттары көп кабаттуу үйлөрдүн, шаар аймагындагы кварталдардын, көчөлөрдүн жылуулук,тазасуу, саркынды суу системаларын, газ түтүктөрүн орнотуу, короолорун көрктөндүрүү, кирүүчү жолдорун ондоп-түзөө, реконструкциялоо, жана башка оңдоп түзөө жумуштарына, эмеректерди сатып алуу,шаарды санитардык тазалоо үчүн жумшалат.
3. Жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо үчүн каражаттарды кароо жана сунуштоо тартиби
Мекемелер, ишканалар жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоону алуу үчүн арыздар төмөнкү документтердин коштоосунда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына берилет:
-Инвестициялык долбоор (сметасы);
-эл аралык финансы институттарынан, донорлордон, өкмөттүк эмес уюмдардан жана башка мекемелерден каражат алуу боюнча кол коюлган келишимдер;
-калктын жана мекемелердин кызматкерлеринин иш жүзүндө катышуусу жөнүндө маалымат (калктан кошулган каражат жөнүндө күбөлүк);
Үлүштүк каржылоо боюнча арыздарды кароо Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет.
Конкреттүү долбоорго колдоо көрсөтүү чечими Комиссия тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат .
Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды каржылоонун максималдуу суммасы объектин жалпы долбоордук жана сметалык наркынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.
Жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо ушул токтомдүн жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын үлүштук каржылоону бөлүү боюнча өзүнчө буйругунун негизинде бөлүнөт. Инвестициялык долбоорлорду биргелешип каржылоого бөлүнө турган каражаттардын жалпы суммасы жыл сайын Кызыл-Кыя шаардык Кенешинин чечими менен бекитилет.
Буга чейин башка булактардан колдоо алган долбоорлор биргелешип каржыланбайт. Бир эле долбоорду колдоого өтүнмөлөрдү берүү фактылары ар кандай даректерге ачыкталган учурда, ал долбоорду колдоодон жана каржылоодон баш тартылат.
4. Үлүштүк каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы боюнча мониторинг жана отчеттуулук
Ишти көзөмөлдөө жана биргелешип каржылоо алуучулар тарабынан бөлүнгөн каражаттарды(максаттуу)пайдалануунун максаттуулугуна баа берүү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жүктөлгөн.
Үлүштүк каржылоону алуучу долбоорду ишке ашыргандан (аяктагандан) кийин 30 күндүн ичинде акыркы отчетту Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына тапшырат.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы каалаган убакта каржы алуучудан долбоорду ишке ашырууга байланыштуу кошумча малыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.
Каржы алуучунун эсебине бөлүнүп, бирок 2 айдын ичинде колдонулбаган акча каражаттары жергиликтүү бюджетке кайтарылат.
Объекттерде (долбоорлордо) аткарылган иштерди текшерүүдө ушул Жобонун талаптары аткарылбаса, мыйзам бузуулар аныкталса, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы өндүрүштү токтотууга, мыйзам бузуучулардан сарпталган чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга жана каражаттарды жергиликтүү бюджетке кайтарууга укуктуу.
Аппарат жетекчиси Т.Алимбекова