Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 3 токтомуна) |
1- глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы (мындан ары – Типтүү устав) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары – билим берүү уюму) ишин жөнгө салат.
2. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
3. Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сакталган шартта ушул Типтүү уставдын жоболорун өзүнүн уставын иштеп чыгууда жана бекитүүдө методикалык негиз катары пайдаланууга укуктуу.
4. Билим берүү уюму өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын, уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимдерин, ушул Типтүү уставды жетекчиликке алат.
5. Билим берүү уюму кесиптик орто жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат, ошондой эле өндүрүштүк ишти жүргүзөт.
6. Билим берүү уюмунун аталышы:
– билим берүү уюмунун мамлекеттик тилде толук аталышы:
, кыскартылган аталышы ;
– билим берүү уюмунун расмий тилде толук аталышы:
, кыскартылган аталышы .