Редакцияот 15.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын

 

2025-жылдын 15-октябры №1

 

“Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө”

 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде иш алып баруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы токтом кылат:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколу аткарууга  алынсын.

 

2.    Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде жергиликтүү коомдоштуктардан делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы, элдик жыйындарды өткөрүү убактысы, квотасы жана өткөрүлүүчү жери, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын курамы 1-2-3-тиркемелер менен бекитилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

М.М.Козубаев