Редакцияот 05.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын

 

2025-жылдын 05-декабры №1

 

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө”

 

              Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө даярдаган маалым катын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

 

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча даярдаган маалым каты канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча даярдаган маалым катына ылайык айыл өкмөт башчысына төмөнкүлөр тапшырылсын:

 

-          Бюджеттик тартыштыктарды жоюу жана киреше булактарын көбөйтүү боюнча иш-чараларды күчөтү;

 

-          Чыгашалардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.М.Козубаев