Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры №1-5
Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын курултайын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындапгы ПЖ №271 Жарлыгына негиз, «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү» ПТ №199-т тескемесин ишке ашыруу үчүн Н. Исанов айыл аймагынан III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындапгы ПЖ №271 Жарлыгына негиз, «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 06-сентябрындагы III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү» ПТ №199-т тескемеси аткарууга алынсын.
2.III Элдик Курултайдын өткөрүүдө уюштуруп, иш аракеттерди алып баруу үчүн жумушчу топ №1 тиркемеге ылайык түзүлсүн жана жергиликтүү жамааттардан калктын санына жараша 150 делегат бекитилсин.
3.Н. Исанов айыл өкмөтүнүн айылдарында III Элдик Курултайды өткөрүүдө иш аракеттерди алып баруу Жобого ылайык №2 тиркеме бекитилсин.
4.Н. Исанов айыл өкмөтүнүн айылдарында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергилктүү жамааттардын курултайын өтүү мөөнөтү, өтүлүүчү орду, жооптуулар №3 тиркемедегидей графикке ылайык бекитилсин.
5.Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук, диний депутаттык этика, коомдук тартип боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |