Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры №1-6
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн тургуну Жолдошов Кылычбек Нурмаматовчти Ноокат районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуштоо жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Примкуловдун сунушуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Мыйзамына жана Айылдык кеңештин 2023-жылдын 3-октябрындагы депутаттардын кезектеги 5-отурумундагы №5-5 токтому менен бекитилген Жобого ылайык Н. Исанов айыл аймагына караштуу Жаңы-Базар айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматкери милициянын полковниги Жолдошов Кылычбек Нурмаматовичтин эл үчүн кызматы жана жасаган эмгектери үчүн Ноокат районунун «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Н. Исанов атындагы айыл аймагынын мамлекеттик жана демократиялуу коомду, элдин биримдигин коргоп, чыңдоодогу,өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүнө сиңирген эмгегин таануу менен Жолдошов Кылычбек Нурмаматовичти Ноокат районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү сунушу колдоого алынсын.
2.Жолдошов Кылычбек Нурмаматовичти Ноокат районунун «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу үчүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин. 3.Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |