Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 21-декабры №2-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлеридин тизмесин карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябырындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2.Сунушталган резевке талапкерлердин документтерин тактап Ноокат АШКнын төрагасына тапшыруу жагы талапкерлерге милдетендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Н. Атакановага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |