Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-1
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон, Жаңы-Базар айылындагы көчөлөрүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-коргон айылындагы Кунан-Бий көчөсүн «Кунан-Бий» аты жокко чыгарылып Орозбаев Маматмуса атын калтыруу ошондой Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Мамашарип Мөнөковдун үйүнөн тартып Ысманов Алтындын үйүнө чейин кайталанып коюулуп калган Мамат Жапаров көчөсү Сүйүн Орозов атына өзгөртүү жөнүндө айыл башчы М.Мөнөковдун билдирүүсүнө жана айылдын протоколуна негиз, жана Жаңы-Базар айылынын Достук көчөсүн Алике атына өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Н. Абибулла уулунун билдирүүсү, айыл тургундарынын кайрылууларына негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Кунан-Бий аты жокко чыгарылып Маматмуса Орозбаевдин атына калтырылсын.
2.Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Мамашарип Мөнөковдун үйүнөн тартып Ысманов Алтындын үйүнө чейин кайталанып коюулуп калган Мамат Жапаров көчөсү Сүйүн Орозов атына өзгөртүлсүн. 3. Жаңы-Базар айылынын Достук көчөсү Алике атына өзгөртүлсүн.
4.Өзгөртүлгөн көчөлөрдүн юридикалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан уруксат алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.Жаңы коюулган көчөлөрдүн аттарын жана үй номерлери жазылган табличкаларын илдирүүнү уюштуруу жагы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү айыл башчыларына тапшырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |