Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-2
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Бегали Эргешовдун жеке менчигинде болгон 969,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп спорт зал, чайкана дүкөн куруу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Бегали Эргешовдун арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2024-жылдын 05-ноябырындагы № 5-01-23/557 корутундусуна, Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарнын 2024-жылдын 18-ноябырындагы № 01-5/392 корутундусуна, Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 04-ноябырындагы № 01-9/371 корутундусуна, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 22-ноябырындагы № 49 корутундусуна ылайык, Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Бегали Эргешовдун жеке менчигиндеги 969,0 чарчы метр турак жай куруу багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын спорт зал, чайкана жана дүкөн курууга өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Бегали Эргешовдун арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2024-жылдын 05-ноябырындагы № 5-01-23/557 корутундусуна, Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарнын 2024-жылдын 18-ноябырындагы № 392 корутундусуна, Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 04-ноябырындагы №01-9/371 корутундусуна, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 22-ноябырындагы №49 корутундусуна ылайык, өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Бегали Эргешовдун жеке менчигиндеги 969,0 чарч метр турак жай багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын спорт зал, чайкана жана дүкөн курууга өзгөртүлгөн жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |