Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-марты № 3/2
«Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобосун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX- чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Первомайское айылындагы Краснооктябрь №2 орто мектебинине Шаршенбек Уметалиевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Первомайское айылындагы Краснооктябрь №2 орто мектеби “Шаршенбек Уметалиев атындагы орто мектеби” деп аталсын.
3. Мектептин атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш-чараларды алып баруу жагы мектеп директору Насирова Г.А. милдеттендирилсин.
4. Билим берүү мекемесине ат ыйгарууга байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Б.Ибраимов |