Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1183-т
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 908-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 2026-жылдын январынан мартына чейин кошуп алганда жана жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин негизги сумманын калдыгын төлөөнү “Альфа Ойл” ЖЧКсынын арызы боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин аннуитеттик төлөмдөр менен белгилөө;”;
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
“4) “Элдик Банк” ААКсына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттин негизги суммасын төлөө боюнча жеӊилдетилген мезгил берилген учурда келип чыгуучу субсидиялардын айырмасын төлөө.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |