Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-3
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасындагы жайыт жерине тиешелүү болгон №137 контурундагы 0,25 га жайыт жерине социалдык объект (ФАП) куруу максатында аталган жерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасына №137 контурундагы 0,25 га жайыт жерине социалдык объект (ФАП) куруу жөнүндө Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт адиси Жеңишбек уулу Бектемирдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасына №137 контурундагы 0,25 га жайыт жерине социалдык объект (ФАП) курууга жерди тактап тийиштүү мыйзам талаптарын аткаруу менен трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Социалдык объект (ФАП) куруу үчүн жайыт жеринин эсебинде турган №137 контурундагы 0,25 га жерди трансформациялоо үчүн, юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |