Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-4
Арча-Курулуш ЖЧК ишканасы менен Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери менен келишим түзүүнүн шарттарын кароо жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай айылынын Кашка-Суу участкасында № 82 контурунан 9,39 га жайыт жеринен Арча-Курулуш ЖЧК ишканасы менен Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери менен келишим түзүүнүн шарттарын кароо максатында Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт адисинин билдирүүсүн жана Арча-Курулуш ЖЧКсынын иш кагаздарын карап чыгып таанышып, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай айылынын Кашка-Суу участкасында № 82 контурунан 9,39 га жайыт жеринен Арча-Курулуш ЖЧК ишканасы менен Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери менен келишим түзүүнүн шарттары жактырылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |