Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-7
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Н.Исанов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомуна негиз, 2024-жылдагы айыл чарбасын кайра каттоону уюштуруу жөнүндө билдирүүгө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Н.Исанов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомуна негиз, 2024-жылдагы айыл чарбасын кайра каттоону уюштуруу колго алынып, мыйзам чегинде тиешелүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
2.Аймактын айыл чарбасын кайра каттоону жүргүзүү демилгесин сапаттуу жана өз убагында аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |