Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-9
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестирин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” №772 токтомуна ылайык, Н. Атаканованын билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” №772 токтомуна ылайык, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги бекитилсин.
2.Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине негиз, жоопкерчилиги күчөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |