Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-10
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган айыдык бюджети жана 2026-2027- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелеүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып токтом кылат:
1. 2025-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 35379,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2025-жылдын бюджетинин кирешесиндеги тамарка салыгы 0,01 га жер аянты 12 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Ал эми 224,0 га жер аянтына жеңилдик берилсин. Тактап айтканда 811 жаран пенсионер 179,0 га, 415 жаран көп балалуу 49,38 га, 160 жаран мүмкүнчүлүгү чектелгендер 25,53 га, Авган согушунун катышуучусу 15 жаран 2,18 га , Тажик Авган согушунун катышуучусу 5 жаран 0,89 га , Баткен коогалаңынын катышуучулары 20 жаран 3,26 га, ЧАЭС 4 жаран 0,93га. жер аянттарына жеңилдик берилсин.
3. 2025- жылга ар бир кожолук жана мекеме ишканалар 100 сомдон таштанды салыгына төлөсүн. Анын ичинен 3710 кожолук такталган, бирок 1210 кожолук үй салынбай бөлүнүп калгандыгы үчүн таштанды салыгынан бошотулсун.
Айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 коэффиценти 0,1 эсебинде бекитилсин.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2027- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2026-жылга 37568,1 миң сомго жана 2027-жылга 40327,1 миң сомго бекитилсин. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2027- жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген суммадан ашкан 873,7 миң сом акча каражаттарын кошумча планга киргизүүгө макулдук берилсин. Ушул кошумча акча каражаттарын планга коштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6. 2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
7. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |