Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-10/1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетин бөлүүдө, айлдык Кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып токтом кылат:
1.Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга жана материалдарга 8909775 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн:
- 1949400 сом Долбоорлорду даярдаганга.
- 200000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн.
- 350000 сом Айыл өкмөткө караштуу социалдык мекемелерди мамлекеттик камсыздандырууга.
- 250000 сом Айыл чарбасын электрондук каттоого.
- 80000 сом Айыл ичиндеги таштандыларды чыгарууга.
- 67020 сом Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун мүчөлүк акысына
- 300000 сом Жайыт жерлерин жакшыртууга.
- 372000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга.
- 200000 сом Беккари чункуруна
- 47700 сом «Өчпөс от» эстелик аянтчасын оңдоого
- 100000 сом Федоров атындагы айылынын ички арыктарын тазалоого.
- 100000 сом Жар-Коргон айылынын Кара-Бадал ички арыгын тазалоого.
- 70000 сом Жаңы-Базар айылынын ички арыктарын тазалоого.
- 100000 сом Чеч-Дөбө айылынын ички арыктарын тазалоого.
- 350000 сом Кожеке айылынын ички арыктарын тазалоого.
- 110000 сом Кожеке айылынын Ак-жар арыгын оңдоого.
- 450000 сом Башка өздүк салымдарга.
- 153000 сом Жар-Коргон айылынын А. Назаров көчөсүнө эектр мамыча алууга
- 39495 сом Жар-Коргон айылынын Чынбай атындагы көчөсүнө эектр мамыча жана чубалгы аууга
- 468750 сом Чеч-Дөбө айылынын ички арыктарына лоток сатып алууга.
- 508660 сом Жар-Коргон айылынын Улуу Катын көчөсүнө асфальт төшөөгө өздүк салым үчүн.
- 50000 сом Кожоке айылынын И. Раев көчөсүнө электр чубалгы алууга.
- 223500 сом Федоров айылынын Алтын-Казык көчөсүнө электр мамыча алууга.
- 223500 сом Федоров айылынын Келечек көчөсүнө электр мамыча алууга.
- 22600 сом Федоров айылынын Сайназаров көчөсүнө электр мамыча алууга.
- 400000 сом Кожоке айылына ичүүчү сууга насос алууга.
- 374150 сом Федоров айылынын Карабаш участкасына трансформатор алууга.
- 150000 сом Лозунг жаздырууга жана жарнак кагаздарына
- 350000 сом Спорт оюндарын уюштурууга.
- 100000 сом Айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Күч спорт залын оңдоого
- 250000 сом Айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларды жыл ичинде оңдоого.
- 500000 сом Айыл өкмөтүнө караштуу мектептерди жыл ичинде оңдоого.
2.Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын..
Төрага |
| А.Таирбек уулу |