Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-11
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024- жылдан калган калдык акча каражатынын 2025-жылга бөлүнүшү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан калган калдык акча каражатын 2025-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып токтом кылат:
1.Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 6470,7 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 98,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2024-жылдан калган калдык акча каражаттан 167,41га жер тилкесин тансформация кылууга, жер мунапысынын объектилерин бүтүрүүгө керектелүүчү ишкагаздарына жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1тиркемеге ылайык берилсин.
3.Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |