Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 18-январы №3-12
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине таянып Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук аталышы.
Мамлекеттик тилде: “Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Н. Исановский айылный кенеш”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши” м-е.
Расмий тилде: У-е “Н. Исановский айылный кенеш”.
2. “Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемесинин уставы бекитилүүгө макулдук берилсин.
3. “Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органы –төрагасы болуп Женишбай уулу Элмурат дайындалсын.
4. “Н. Исановатындагы айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери) : Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Н. Исанов атындагы айылдык аймагы, Жаңы-Базар айылы, Н. Исанов көчөсү, 1.
5. “Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы, айылдык кеңешинин төрагасы Таирбек уулу Азаматка жүктөлсүн. 6. Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтар анык, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталган жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |