Редакцияот 02.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 2-апрели № 4/1

«Авариялык абалда ажаткананы бузууга макулдук берүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1- жана 2- пунктарына, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын №4 чечиминин негизинде З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX- чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагына караштуу Чат-Кель айылында жайгашкан З. Кайназарова атындагы орто мектептин эски ажатканасын бузууга, Белек айылындагы А.Куттубаев атындагы орто мектептин эски ажатканасын жана Первомай айылындагы орто мектептин эски ажатканасын бузууга уруксат берилсин.

2. Жогоруда объектердин бузулушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын сактоо менен жүргүзүү жагы З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Б.Ибраимов