БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-октябры № 306
Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 6/1 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Калктын жашоо сапатын жакшыртуу, балдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Балдарга жана улгайган адамдарга кызматтарды көрсөтүү боюнча социалдык объекттин курулушун долбоорлоо үчүн Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 6/1 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду:1-02-02-0036-0055 турак эмес жайды жанаша жайгашкан жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте:
- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэр |
| А.Дж. Джунушалиев |