Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-августундагы № 414 “ Евразия экономикалык
комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана
кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу
үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички
квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Евразия экономикалык бирлигинин органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн талапкерлерди тандоону регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 414 “Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 7-пунктта “6 айда кеминде 1 (бир) жолу” деген сөздөр “зарылдыгына жараша” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 8-пункттун 2-пунктчасында “30 (отуз)” деген сөздөр “20 (жыйырма)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин жана ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмүнүн, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирден өкүлү кирет.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
“181. Бир эле адам Евразия экономикалык комиссиясынын департаментинин директорунун же болбосо директорунун орун басарынын кызмат ордун ээлөөгө ички квалификациялык тандоого катары менен эки жолудан ашык катышууга укуксуз.”;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Конкурстук комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда Конкурстук комиссиянын мүчөсү жыйналыш өткөрүлүүчү датага чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен добуш берүүнү өкүлдөө укугусуз Конкурстук комиссиянын жыйналышына катышуунун мүмкүн эместигинин себебин негиздөө менен Конкурстук комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө кайрылат.
Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн анын жыйналышына катышуунун мүмкүн эместигинин негиздүү себептерине төмөнкүлөр кирет:
1) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн өргүүсү;
2) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн иш сапары;
3) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы;
4) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоого Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн жеке катышуусу;
5) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоого Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн жакын туугандарынын катышуусу;
6) Конкурстук комиссиянын төрагасы тарабынан Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн анын жыйналышына катышуусуна тоскоолдук кылуучу жагдайлар катары таанылган башка жагдайлар.”;
– 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин (Конкурстук комиссиянын төрагасынын) чечими боюнча Конкурстук комиссиянын жыйналыштары жана конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүү өткөрүү видеоконференцбайланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.”;
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. Берилген документтерди изилдөөнүн негизинде Конкурстук комиссия Конкурстук комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен алардын ЕЭКтин кызмат адамынын тиешелүү бош кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү жана ички квалификациялык тандоонун кийинки этабына уруксат берүү же болбосо анын ылайык келбестиги жөнүндө чечим кабыл алат.
Добуштар тең болуп калган учурда Конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.”;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
– 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“41. Эгерде ички квалификациялык тандоону өткөрүүнүн жыйынтыгында катышуучулардын бири дагы зарыл болгон босоголук маанилерди албаса же катышуучулар андан ары катышуудан баш тартса, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин мүчөсү ички квалификациялык тандоонун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (Конкурстук комиссиянын төрагасы) кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Мында ЕЭК Кеңешинин мүчөсү өзүнүн макул эместигинин себептерин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 47-пункт менен толукталсын:
“47. Конкурстук комиссия өзүнүн дарегине келип түшкөн маселелерди өткөрүлгөн жыйналыштардын алкагында карайт жана алар боюнча добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |