Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик компаниялардын сатып алуу жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
– 5-пунктта:
8-пунктчада:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жыйымдарды, алымдарды, төлөмдөрдү, төгүмдөрдү (мүчөлүк жана кириш), анын ичинде соттордо талаш-тартыштарды чечүү менен байланышкандарды төлөө жана акы төлөнүүчү мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;»;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– убактылуу тышкы башкаруучуга (чарбакер коомдордо убактылуу тышкы башкарууну ишке ашыруучу) сый акы төлөө; агенттик сый акы төлөө жана заказчынын товарларын, кызмат көрсөтүүлөрүн жана продукциясын сатуу максатында кол коюлуучу агенттик келишимдерди (анын ичинде субагенттик келишимдерди, ошондой эле промоутерлер жана дистрибьюторлор менен келишимдерди) түзүү;»;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– банктык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде төлөм системаларынын, банктардын төлөм уюмдарынын финансы-кредиттик операторлорунун операциялары жана кызмат көрсөтүүлөрү;»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– эл аралык жана чет өлкөлүк финансы институттарынын, анын ичинде өнүктүрүү банктарынын, стратегиялык жана экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун каржылаган башка мекемелердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү сатып алуулар;»;
15–17-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15) эң жөнөкөй сатып алуу – бул келишим түзбөстөн жыл ичинде сатып алуу планынын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү төмөнкүдөн кем эмес суммага сатып алуу:
– мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн – 50 000 сом;
– уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн – 500 000 сом;
16) алкактык макулдашуу – бир жана/же андан көп жеткирүүчү тарабынан кол коюлган макулдашуу, анда келечектеги келишимдин шарттары сүйлөшүлөт;
17) система – ушул Типтүү тартипте аныкталган учурларда, www.zakupki.okmot.kg бирдиктүү мамлекеттик маалымат порталында электрондук сатып алууларды жүргүзүү жана/же сатып алуулар жана ыйгарылган келишимдер жөнүндө маалыматты заказчылар тарабынан милдеттүү түрдө ачыктоо менен сатып алуулар жөнүндө маалыматты ачыктоо үчүн маалыматтык система;»;
18-пунктчада «контрактты» деген сөз «келишимди» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Заказчы жеткирүүчү менен болгон укуктук мамилелердин жыйынтыгы боюнча, анын ичинде алкактык макулдашуу түзүү максатында товар өндүрүүчүлөрдүн, аттестацияланган (квалификацияланган) ички реестрлерин түзүүгө укуктуу. Ушул реестрге кирген жеткирүүчүлөр менен алкактык макулдашууну түзүү тартиби жана ушул реестрди жүргүзүү тартиби заказчынын ички документтеринде аныкталат.»;
– 18-пункт «камсыздоону» деген сөздөн кийин «, келишимди аткарууну кепилдик камсыздоону» деген сөздөр менен толукталсын;
– 21-пунктта:
2-пунктчада «жол-жоболорду жана» деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчада «, жеткирүүчүнү катышуудан четтетет» деген сөздөр алып салынсын;
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
«23. Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу системада жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: предмет, өтүнмөлөрдү кабыл алуунун аяктоо мөөнөтү, байланыш маалыматтары, банктык коштоону колдонуу жөнүндө маалымат жана зарыл болгон учурда сатып алуунун пландаштырылган суммасы.»;
– 30-пунктта:
1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) сатып алуу предметинин кеңири сыпаттамасын, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык өзгөчөлүгүн, курулуштун бүткүл көлөмүнө долбоордук документтерди, пландарды, чиймелерди жана эскиздерди жана зарылдыгына жараша товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн санын, товарлар жеткирилүүгө, жумуштар аткарылууга, кызматтар, анын ичинде консультациялык кызматтар көрсөтүлүүгө тийиш болгон жерди;»;
6–7-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) келишимдин долбоорунун негизги жана жалпы шарттарын;
7) конкурстук өтүнмөнүн кепилдик камсыздоосун (конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларацияны), келишимди аткаруунун кепилдик камсыздоосун (зарылдыгына жараша);»;
– 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«35. Сатып алуулар планын түзүүдө заказчы сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн пландаштырылган наркын аныктоо үчүн рынокту талдайт жана/же мурда түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматты колдонот.»;
– 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«37. Сатып алуулар планында сатып алуулардын аталышы, сатып алуу мезгили, анын ичинде сатып алууларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн сумма жана товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү/саны камтылат. Заказчы сатып алуулар планы бекитилген мезгилдин ичинде сатып алуулар планына каалаган убакта өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.»;
– 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«43. Чектелбеген катышуу менен конкурс товарга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө жана консультациялык кызмат көрсөтүүгө карата коюлган квалификациялык талаптарга жана/же техникалык талаптарга кыйла шайкеш келген жеткирүүчүлөрдү аныктоо максатында колдонулушу мүмкүн.»;
– 46-пунктта:
«үч» деген сөз «беш» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Порталдын функционалын модернизациялоо аяктаганга чейин заказчы өзүнүн сайтында алкактык келишим түзөт, аны түзүү тартиби заказчынын ички документинде белгиленет.»;
– 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«47. Алкактык макулдашуулар квалификация жана/же техникалык спецификация боюнча талаптарга жооп берген жеткирүүчүлөр менен түзүлөт. Заказ-өтүнмө ушул Типтүү тартиптин 57-пунктунун 3-пунктчасынан тышкаркы, сунушталган эң төмөнкү баага жана жеткирүү/жумуштарды аткаруу/кызматтарды көрсөтүү шарттарына жараша алкактык макулдашуулардын катышуучуларына ыйгарылышы мүмкүн.
Авариялык-калыбына келтирүү иштеринде заказ-өтүнмө алкактык макулдашуулардын катышуучуларынын каалаганына ыйгарылышы мүмкүн.»;
– 48-пункттун 3-пунктчасында «ээси» деген сөз «ээлери» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«54. Эң жөнөкөй сатып алуу – бул келишим түзбөстөн жыл ичинде сатып алуу планынын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү төмөнкүдөн кем эмес суммага сатып алуу:
– мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн – 50 000 сом;
– уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн – 500 000 сом.»;
– 57-пунктта:
3-пунктча «кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөрдөн кийин «иш жүзүндө аткарылгандан кийин келишим түзүү менен» деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча «товарларды» деген сөздөн кийин «, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчанын экинчи абзацында «сатып алуулардын тиешелүү методун колдонуу менен» деген сөздөр алып салынсын;
10-пунктча «жол-транспорттук инфраструктура» деген сөздөрдөн кийин «, телекоммуникациялык инфраструктура, маалыматтык технологиялардын чечимдери» деген сөздөр менен толукталсын;
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12) эгерде конкурс же котировкаларды суроо өткөрүлбөсө;»;
– 571-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«571. Заказчы келишимди түздөн-түз түзүү методду аркылуу сатып алуу жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бул методду тандоонун негиздемеси, сатып алуу баасы жана предмети (купуя сатып алуулардан тышкары), контрагент жана келишимди түздөн-түз түзүү методун колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган заказчынын кызмат адамдары тууралуу маалыматты системага жайгаштырат.»;
– 58-пунктта «конкурстук документтерде бекитет» деген сөздөр «ички документ менен белгилейт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 62-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«62. Жеткирүүчү даттануу боюнча заказчынын чечими менен макул болбогон учурда жеткирүүчү төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу:
1) чарбакер коомдор, мамлекеттик ишканалар үчүн – ички аудит кызматына (ички аудиторго);
2) муниципалдык ишканалар үчүн – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына.»;
– 68-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«68. Сатып алуулар жөнүндө келишимдер утуп алган конкурстук өтүнмөнүн шарттарына ылайык же жеткирүүчүнүн сунуштарынын негиздеринде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.».
1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |