Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-январы № 70-VIII
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберсин.
Төраганын биринчи орун басары |
|
Ч.И. Ажибаев |